БШК Нарын облусунун Кочкор районунун №4156, Ош облусунун Алай районунун №5442, Кара-Кулжа районунун №5016 шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү

13 октября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 13-октябрындагы жыйналышында Нарын облусунун Кочкор районунун №4156, Ош облусунун Алай районунун №5442, Кара-Кулжа районунун №5016 шайлоо участокторунун даректерин төмөнкүдөй өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:

- Нарын облусунун Кочкор районунун Мантыш айылы, Касым, 25 дареги боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан №4156 шайлоо участогунун дарегин Мантыш айылы, Керим уулу Жумалы көчөсү, 45 дареги боюнча жайгашкан Т. Курткаев атындагы орто мектептин имаратына.

- Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылындагы Маданият үйүндө жайгашкан №5442 шайлоо участогунун дарегин Сары-Могол айылы, Тунгуч көчөсүндөгү спортзалдын имаратына.

- Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашкан айылындагы Маданият үйүндө жайгашкан №5016 шайлоо участогунун дарегин Кеңеш айылы, Аткелтир 1 көчөсүндөгү Ж. Акматалиев атындагы №2 орто мектептин имаратына.

Кочкор жана Алай округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Токтом Кочкор жана Алай округдук шайлоо комиссияларынын шайлоо участокторунун орун-жайларынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу №4156, №5442, №5016 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү