Башкы Жаңылыктар БШК партияларды жана талапкерлерди окутуу циклын Бишкек шаарындагы …

БШК партияларды жана талапкерлерди окутуу циклын Бишкек шаарындагы тренингден баштады

13-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясы «Жарандык платформа» коомдук фонду жана Жарандык өнүгүү институту менен биргеликте “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун

 жүрүшүндө үгүт өнөктүгүн жүргүзүү өзгөчөлүктөрү” деген тема боюнча талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер, талапкерлердин жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу тренингин уюштурду.

Бишкектеги тренинг талапкерлерге жана саясий партияларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн негизги эрежелерин, анын ичинде телекөрсөтүү жана радио боюнча, басылма жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма, үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу аркылуу үгүт жүргүзүүнү түшүндүрүү максатында бүт өлкө боюнча өтүүчү тренингдердин сериясын ачты. Тренингдерде шайлоо талаш- тартыштары, аларды кароо мөөнөттөрү жана жол-жоболору маселелери боюнча түшүндүрмө берилет.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында аймактардын, ар түрдүү саясий жана социалдык топтордун өкүлдөрүнүн тең салмагын күчөтүүгө багытталган аралаш тутум юоюнча депутаттарды шайлоо башкы өзгөчөлүгү болуп саналган учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Учурда шайлоочулардын тизмесинде 3 млн 686 миң жаран катталган, алар өкүлчүлүктүн орточо ченеми 100 миң адам болгон 36 шайлоо округуна бөлүнгөн. Пропорционалдык тутумга байланыштуу саясий партиялардын аялдар, майыптыгы бар адамдар, жаштар жана этностук азчылык үчүн квоталарды сактоосу жөнүндө айтылды.

Парламентке шайлоонун мындай тутумун киргизүү аркылуу бир мандаттуу округдардан талапкерлерди жана партиялык тизме боюнча талапкерлерди шайлоого шайлоочуларга мүмкүнчүлүк берилет. Бул коомдун суроо-талабы болгон, ал ушул ченемде ишке ашырылган, мында партиялар демократиялык институт катары сакталууда. 2010 жана 2015-жылдардагы

шайлоо циклында өткөрүлгөн пропорционалдык тутум боюнча шайлоолор партиялардын калыптануусуна мүмкүнчүлүк берди. Тилекке каршы, партиялардын өнүгүүсүндө көп терс көрүнүштөр, анын ичинде добуш берүүдөн кийин талапкерлерди тизмеси алмашылган партиялык ички коррупция орун алды.

Өткөн шайлоо өнөктүктөрүнө талдоо жүргүзүүнүн негизинде административдик ресурсту колдонууга тоскоол болуучу жаңы жоболор киргизилди. Азыркы этапта шайлоо өнөктүгүнүн баардык эрежелер сакталуу менен мыйзам алкагында өтүүдө. Ошол эле учурда кийинки этаптарда бузууларды болтурбай коюу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер жана партиялар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнүн, анын ичинде ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбей тургандыгы жаңы ченемдер тууралуу маалымдады. Үгүт материалдарында тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.

Стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын

кызматкерлерин, аймактагы коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин колтамга чогултууга, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тартууга тыюу салынган.

У. Жылкыбаев дебат өткөрүү эрежелери тууралуу айтып берди жана талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес саны ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү экендигин эске салды.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген шартта сатууга; кандай болбосун товарларды акысыз таркатууга, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>