«Аялдардын саясий лидерлиги: шайлоо өнөктүккө даярдык» аттуу тренерлер үчүн тренинг болуп өттү
12 октября 2021
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «БУУ-Аялдары» структурасы менен биргеликте саясий лидерликке умтулган аялдарды окута турган тренерлер үчүн беш күндүк тренинг өткөрдү.
Окутуунун максаты – аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн тренерлерди даярдоо, жаңы лидерлерди шыктандыруу жана Кыргызстанда лидер аялдардын жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу.
Эл аралык тренерлер жана эксперттер – Молдова Республикасынын мурдагы парламенттин төрагасынын орун басары Лилиана Палихович жана Сюзан Мархкам «БУУ-Аялдары» структурасынын саясий катышуу тобу тарабынан иштелип чыккан саясий лидерлерди жана талапкерлерди даярдоо боюнча колдонмонун негизинде тренинг өткөрдү. Бул колдонмо «БУУ-Аялдар» структурасы талапкер-аялдарды колдогон өлкөлөрдүн деңгээлинде колдонуу жана адаптация үчүн арналган.
24 тренер даярдалды, алар эми кийинки тренингдерди бүткүл Кыргызстан боюнча өткөрө алышат. Бул демилге Кыргызстандагы аялдарды парламенттик шайлоого катышууга, лидерлик жөндөмдөрдү активдүү колдонууга шыктандыруу максатын көздөйт.
«Окутуунун натыйжасы стратегиялык жактан маанилүү: окутулган тренерлер билимин башка аялдар менен бөлүшө алышат, аларды колдошот жана бул, өз кезегинде, өлкөнүн саясий жашоосуна катышкан лидер аялдардын санынын өсүшүнө өбөлгө түзөт», - деп КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева белгиледи.
КР БШК жана «БУУ-Аялдар» структурасы Кыргызстандын 7 аймагында 13 тренинг өткөрөт, аларга парламенттик шайлоого катышууну пландап жаткан болжол менен 260 аял-талапкер катышат деп пландаштырылган.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү