КР БШК талапкерлерди жана партияларды парламенттик шайлоого катышуу маселелери боюнча семинарга чакырат

11 октября 2021

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлигин көрсөткөн талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын эсине

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 14-октябрда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер, талапкерлердин жана талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн семинар (офлайн жана онлайн режиминде)  өткөрөт.

Талапкерлер, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү төмөнкү маселелер боюнча маалымат жана кеңеш алышат:

- бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо тартиби;

- талапкерлердин маалыматтарын «е-талапкер» программасына киргизүү тартиби;

- шайлоо фондун түзүү тартиби, шайлоо күрөөсүн төгүү;

- шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүшү жана алардын чыгымдалышы тууралуу саясий партиянын каржы отчётторун КР БШКга берүүсү;

- талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби;

Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууга болот: 62-08-29, 62-62-87.

 

Подключиться к конференции Zoom можно по ссылке: 
https://us02web.zoom.us/j/8690689629?pwd=aUhiTkhick9rOVlDZUxrdGJobjBkZz09

Идентификатор конференции: 869 068 9629
Код доступа: 112233

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү