Башкы Жаңылыктар БШК Талас шаарында ЖМКны жана блогерлерди шайлоого байкоо …

БШК Талас шаарында ЖМКны жана блогерлерди шайлоого байкоо жүргүзүүгө окутту

11-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү менен биргеликте USAIDдин колдоосу алдында Талас облусунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү жана блогерлери үчүн окутууну уюштурду.

Жолугушууда катышуучуларга 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү, КР ЖКга шайлоо процессинин негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшүндө маалымдоо жана үгүт жүргүзүүнүн эрежелери тууралуу айтылды.

КР БШК төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында алдыдагы парламенттик шайлоону даярдоо алкагында ЖМКнын ролу өсөт, жаңы шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү ар бир шайлоочуга толук негизде жеткизилиши керек. Өзүн шайлоочулардын тизмесинен кандай такташ керек, бирдиктүү шайлоо округу жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кандай добуш берүү керек экендиги тууралуу айтылды. ЖМКны жана блогерлерди шайлоо мыйзамдарын бузууларга активдүү чара көрүүгө, бузуулар тууралуу арыздарды ар бир шайлоо округунда түзүлгөн ыкчам чара көрүүчү координациялык топторго жөнөтүүгө чакырышты. Мындан тышкары, КР БШКнын сайтында даттануулардын электрондук реестри – https://shailoo.gov.kg/kg/reestr-zhalob-i-narushenij-vybory-JK-28-11-2021/ бар, андан ЖМК жана шайлоочулар маморгандардын иш-аракеттерине байкоо жүргүзө алышат.

Медиа эксперт Авланбек Джумабаевдин айтымында ЖМК жана блогерлер шайлоо процесси тууралуу керектүү кеңештерди КР БШКнын маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу тобу аркылуу алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

“Жумушчу топ шайлоо өнөктүгү мезгилинде талапкерлер, саясий партиялар, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар тарабынан жол берилген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин жөнгө салган колдонуудагы мыйзамдарды бузуу жөнүндө материалдарды чогултат жана тутумга салат. Кыргызстанда добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноодо аныктык камсыздалган, силердин жана биздин милдет – сатып алуу жана администрациялык ресурсту пайдалануу сыяктуу бузууларга жол бербөө. Башталыш этабында өз убагында чара көрүү ошондой бузууларды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деди ал.

КР БШКнын маалымдоо жана үгүт жүргүзүү боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Наргиза Нанакеева жана Кыргызстандын журналисттеринин көз карандысыз бирлигинин төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков катышуучуларга шайлоо процессинин жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө фактчекинг каражаттарын кандай пайдаланса болорун,  шайлоодо маалымдоонун жана үгүт жүргүзүүнүн жүрүшүндө кастык тилин пайдаланууну кантип азайтуу керектигин түшүндүрүштү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>