2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында «мобилдик топтор» чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга маалымат берүү боюнча ишин улантууда
08 октября 2021
«Мобилдик топтор» 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында БШК тарабынан, ТИМ жана СӨМ менен биргеликте түзүлгөн. Бул демилге БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин жакшыртуу боюнча долбоорунун колдоосу менен ишке ашууда.
«Мобилдик топтордун» иштөө убактысы:
Дата |
Өлкө |
Шаар |
21 – 23-сентябрда |
Россия |
Москва жана Санкт-Петербург |
23 – 28-сентябрда |
Италия |
Рим жана Кальяри |
29-сентябрдан – 02-октябрга чейин |
Россия |
Тюмень |
01 – 03-октябрда |
Россия |
Самара |
01 – 03-октябрда |
Туркия |
Стамбул |
04 – 07-октябрда |
Россия |
Томск |
04 – 09-октябрда |
Туркия |
Анталья |
06 – 09-октябрда |
Россия |
Казань |
09 – 12-октябрда |
Россия |
Хабаровск |
11 – 14-октябрда |
Россия |
Краснодар |
15 – 17-октябрда |
АКШ |
Нью-Йорк жана Чикаго |
"Мобилдик топтор" алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын даректери жана саны, паспортторду алмаштыруу, жарандарды консулдук эсепке алуу, биометрикалык маалыматтарды жана жарандардын электрондук-санарип кол тамгаларын каттоо ж.б. суроолор боюнча.
"Мобилдик топтордун" курамына кирген А.Дубанбаева жана А.Жупуева БШК мүчөлөрү жыйындын катышуучуларына Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш тутуму боюнча шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришет.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары, эреже катары, чет өлкөлүк мекемелердин аймагында Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт.
Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана БШКнын тиешелүү токтомдору менен 29 чет өлкөдө 58 шайлоо участогу түзүлгөн. БШКнын расмий сайтындагы "Чет өлкөдө добуш берүү" бөлүмүндө дареги жана байланыш маалыматы жазылган чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын тизмеси жайгаштырылган.
«Шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, биометрикалык каттоодон өткөн жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жараны автоматтык түрдө тийиштүү участка боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна жазылган деп эсептелет, б.а. алар саясий партиялардын тизмесиндеги талапкерлерге гана добуш бере алышат.
Маалымат иретинде:
- 54 депутат бирдиктүү шайлоо округ боюнча ачык тизме менен шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлөт);
- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча бир мандаттуу шайлоо округдарда шайланат (депутаттыкка талапкерлер саясий партиялар жана жарандар тарабынан өзүн өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт).
Чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошо алганда) шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн тийиштуу участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.
БШК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте эффективдүүлүгүн жана актуалдуулугун көрсөткөн "мобилдик топторду" чет өлкөгө жөнөтүү практикасын улантат, жана ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн эске алуу менен өлкөнүн чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу географиясын кеңейтүү зарылдыгы бар. Учурда кошумча топторду жөнөтүү пландалууда. Топтор жөнөтүлгөн мөөнөт жана шаарлар боюнча маалымат БШКнын сайтына өз убагында жайгаштырылат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү