Башкы Жаңылыктар Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча …

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас шаарында көчмө жыйын өткөрдү

08-Окт, 2021

Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Талас облусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана КР БШК төрайымынын орун басары Т. Шайназаров алып барышты. Жыйынга шаардын, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Талас шаарынын жана облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.

Талас шаарында жана Талас облусунда 162 109 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын бул санынын негизинде аймакта 2 бир мандаттуу округ түзүлдү: №20 Манас округу (Кара-Буура, Манас райондорун жана Бакай-Ата районунун 5 айылдык аймагы кирет), №21Талас округу ( Талас шаарындагы 10 УШК, Талас облусунун 13 айылдык аймактары жана Бакай-Ата районунун 4 айылдык аймактары кирет). 117 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылат; шайлоого даярдыкты 1534 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ишке ашырышат.

Маалымат үчүн: Талас облусунун округдары, шайлоочулардын саны:

№20 Манас шайлоо округу Бакай-Ата районунун 5 айыл аймагын, Кара-Буура районунун 10 айыл аймагын жана Манас районунун 5 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 82 676 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 63, анын ичинен 13ү Бакай -Ата районунун 5 айыл аймагында, 28и Кара -Буура районунун 10 айыл аймагында жана 22си Манас районунун 5 айылдык аймактарында жайгашкан.

№21 Талас шайлоо округу Жалпы шайлоо участкалары 54, анын ичинен 10 УШК Талас шаарында, 33 УШК Талас облусунун 13 айыл округунда жана 11 УШК Бакай-Ата районунун 4 айылдык аймагында жайгашкан. Шайлоочулардын жалпы саны 80 433 жаран.

М. Иманкулов Талас облусунун жана шаарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.

КР БШК төрайымынын орун басары Т. Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:

- шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;

- шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,

- шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоого катышууга көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин азыр туруктуу болуп калган "Кошунаңды ала кел" акциясын күчөтүү зарыл. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды.

Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды.

Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

 

Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана даярдыкка маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

• санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:

• биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;

• тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.

• укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;

• облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.

КР БШК Маалымат бөлүмү

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>