Башкы Жаңылыктар БШК Ноокат шаарында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн …

БШК Ноокат шаарында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү

08-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ноокат шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди,  саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү.

Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев алдыда өтүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле шайлоо процессинин, добуш берүүнүн аныктыгына жана айкындуулугуна, шайлоонун атаандаштыгына багытталган Борбордук  шайлоо комиссиясынын чаралары жана ресурстары тууралуу чогулгандарга маалымат берди.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби, анын ичинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктаары тууралуу айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим (2-форма) саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө  жашыруун добуш берүү жол-жоболорун камсыздоо жана сактоо саясий партияга жүктөлөр. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун катышууга укуктуу. Саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусу, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуусу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүүсү, каржы отчетторун бербөөсү жана жарыялабоосу, талапкерлердин, саясий партиялардын  отчетторунда анык маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер, саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылат. Бузуу фактысын аныктоо максатында БШК бийликтин мамлекеттик органдарына, фискалдык жана укук коргоо органдарына, ЖӨБ органдарына жардам сурап кайрылууга укуктуу.

Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттанууларды, арыздарды берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, арыз,  даттануу менен шайлоо комиссияларына ким кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүлдү,  арызды кароонун натыйжасы боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендиги белгиленди.

Ошондой эле шайлоо мыйзамын бузуулар үчүн укуктук жоопкерчилик изилденди. Алсак, шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу 3-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга 5 500 сом, укутук жактарга 17 000 сом). Жеке жана юридикалык жактардын белгиленген мөөнөттөрдө шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган зарыл маалыматтарды же материалдарды шайлоо комиссиясына тапшырбоосу, ушуга тете эле комиссиянын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чечимдерди жана талаптарды аткарбоо 1 категориядагы айып пул салууга алып келет (укуктук жактарга 5 000 сом).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>