Жалал-Абадда журналисттерди жана блоггерлерди окутуу болуп өттү
07 октября 2021
Жалал-Абад облусунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана блоггерлерине 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу айтып беришти. Окутуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (USAID) менен биргеликте, USAID колдоосу менен уюштурулду.
Катышуучулар КР ЖК шайлоосун уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары боюнча, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу жарандарды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери тууралуу билимдерге ээ болушту.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу» конституциялык Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу катышуучуларга КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов маалымат берди. Ошондой эле, диний имараттардын ичинде, ага жакын жерде (100 метрден кем эмес), ага тиешелүү аймактагы курулуштарда, кооптуу жана зыяндуу өндүрүшкө ээ объектилерде, электр станцияларында, темир жолдордо, мунай түтүктөрүнүн жана жогорку вольттуу электр берүү чубалгыларынын жанында, пенитенциардык тутум объектилеринде, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо уюмдарында, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү мекемелеринде үгүт иш-чараларын өткөрүүгө үгүттөө материалдарын таратууга жол берилбей тургандыгы айтылды. Үгүт материалдарында диний тематикага шилтек жасалган же кыйыр, түздөн-түз көчүрүп алууларды камтыган маалыматтардын (сүрөттөрдүн) бөлүктөрүн жана элементтерин чагылдырууга жана башкача колдонууга жол берилбейт.
Стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошондой эле, талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөк көрсөтүүчү ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлеринен каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин тартууга, ошондой эле кол чогултууга, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат, бул административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу деп эсептелет. Мындан тышкары, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кызматкерлерине үгүт жүргүзүүгө, үгүттөөчү бардык материалдарды чыгарууга жана таркатууга тыюу салынат.
Медиа эксперт Авланбек Джумабаев КР БШКнын маалымдоо жана үгүт иштери боюнча Жумушчу топтун милдеттери тууралуу айтып берди, ал Жумушчу топ шайлоо алдындагы уюштуруу иштерине катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларына, интернет-басылмаларга, медиа-уюмдарга маалымдоо маселелери, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары боюнча консультативдик жана усулдук жардам көрсөтөрүн айтты. Ал КР БШК маалыматтык ресурстары бардык маалыматты ыкчам алып турууга мүмкүндүк берерин белгилеп кетти.
"Шайлоо процесси боюнча биздин бардык жаӊылыктарды Шайлоо - 2021 телеграм-каналынан https://t.me/Shailoo2020TsikKR окууга болот», - деп айтты ал.
Тренерлер, маалымдоо жана үгүт иштери боюнча КР БШКнын Жумушчу тобунун мүчөлөрү – Кыргызстандын жазуучуларынын көз карандысыз бирикмесинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Politmer.kg сайтынын редактору Наргиза Нанакеева катышуучуларга фахтчекинг аспаптарын, шайлоо процессинин жүрүшүндөгү маалыматтардын мониторинги тууралуу, туура эмес жана жалган маалыматтарды ажырата билүүнү үйрөттү. Ошондой эле касташуу тили боюнча мини-кейстер уюштурулду.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү