Башкы Жаңылыктар Парламенттик шайлоону өткөрүүгө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык …

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен шаарында көчмө жыйын өткөрдү

05-Окт, 2021

Баткен облусунда парламенттик шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү.

Жыйынды штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга аймактын куратору, КР БШКнын мүчөсү У.Жылкыбаев, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Баткен облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.

Баткен облусунда 305 053 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде аймакта 3 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №1 Лейлек округу (Лейлек районун жана Сүлүктү, Исфана шаарларын камтыйт); №2 Баткен округу (Баткен шаарын, Баткен районун, Кадаймжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Актурпак айылдык аймактарын толугу менен, Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкаларынын чектерин толук камтыйт); №3 Кадамжай округу (Кадамжай, Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларын, Кадамжай районунун Бирлик, Үчкоргон, Чаувай, Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбек, Котормо айылдык аймактарын толугу менен, Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8147 шайлоо участкасынын чектерин толугу менен камтыйт).

218 шайлоо участкасы добуш берүү үчүн ачык, 2 637 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыкты камсыз кылышат.

Маалымат үчүн: Баткен облусунун округдары, шайлоочулардын саны:

№1 Лейлек шайлоо округу Лейлек районунун 9 айыл аймагын жана Сүлүктү, Исфана шаарларын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 90 075 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 66, анын ичинен 53ү Лейлек районунун 9 айыл аймагында жана Исфана шаарынада, 13ү Лейлек районунун Сүлүктү шаарында жайгашкан.

№2 Баткен шайлоо округу Баткен районунун 9 айыл аймагын, Баткен шаарын, 4 айыл аймагын жана Кадамжай районунун Алгын айыл аймагынын №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкаларынын чектерин камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 102 010 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 80, анын ичинен 46сы Баткен районунун 9 айыл аймагында, 10у – Баткен шаарында, 24тү Кадамжай районунун 4 айыл аймагында жайгашкан.

№3 Кадамжай шайлоо округу Кадамжай районунун 8 айыл аймагын, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Айдаркен шаарларын жана Кадамжай районунун Алгын айылдык аймагынын №8147 шайлоо участкасынын чектерин камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 112 968 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 72, анын ичинен 50сү Кадамжай районунун 8 айыл аймагында, Кадамжай, Айдаркен шаарларында, 22си – Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан.

М. Иманкулов Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.

Штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партиялардын шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүсү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.

Шайлоо процессинин үч ай мөөнөтү бар экендиги белгиленди. Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:

  • шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
  • шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
  • шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субъекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.

«Шайлоо дайындалган күндөн баштап, шайлоонун эки негизги этабы ишке ашууда булар - шайлоочулардын тизмесин түзүү жана талапкерлерди, талапкерлердин тизмеси көрсөтүү жана каттоо. Шайлоочулар өзүн Tizme https://tizme.gov.kg/home.xhtml мамлекеттик порталындагы тизмеден текшере алышат, так эместиктер аныкталган учурда, 1255 жана 199 кыска номерлерине чалса же паспорттун ПИН коду менен 119 номерине бекер SMS жөнөтсө.болот. «Шайлоо процессинде биз жарандын шайланууга болгон активдүү укугун да, шайлоочу болууга пассивдүү укугун да эске алабыз», - деп Н.Шайлдабекова тактады.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул аймакта пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу керек болгон жерлер бар. "Коңшуңду ала кел" мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуусуна көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин аракетин күчөтүү зарыл экендиги белгиленди. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайыктуулугун көзөмөлдөөнү камсыздоо милдети жүктөлдү, ал эми прокуратура органдарына - мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн участкалардын жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө тапшырылды.

Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык ооруканаларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу, жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө жардам берүү тапшырылды.

Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

КР БШКнын мүчөсү У.Жылкыбаев таза, шайлоочуларды сатып алуусуз, административдик ресурстарды колдонбостон шайлоо өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттукташты мугалимдердин жогорку компетенттүүлүгү, жоопкерчилиги жана патриоттуулугу маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:

  • санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
  • биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык-консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
  • тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү;
  • укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
  • облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>