Башкы Жаңылыктар БШК Араван айылындагы шайлоо процессинин катышуучуларына алдыдагы парламенттик …

БШК Араван айылындагы шайлоо процессинин катышуучуларына алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрдү

05-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Араван айылында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында тренинг өткөрдү.  

Иш-чара БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында депутаттыкка талакерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн өткөрүлдү.

Аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу катышуучуларга КР БШК шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев айтып берди. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл болгон кандай документтер берилери айтылды, каттоодон баш тартуу себептери каралды. Атап айтканда:  

  1. “КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамына ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;
  2. талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган көрсөтүүнүн тартибин сактабоо;
  3. талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
  4. ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде, же бирден көп шайлоо округдар боюнча катталгандыгынын фактысыны бар экендиги;
  5. талапкер же саясий партия өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
  6. талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандык болгондугу

Талапкерлердин тизмесине кирген айрым талапкерлерге карата «КР Президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган, каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болуусу  аларды талапкерлердин тизмесинен алып салуу үчүн негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн. 

Катышуучуларды арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана мөөнөтү, шайлоо талаш-тартыштарын кароо процедуралары, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн конституциялык жоопкерчилик менен тааныштырды.  Алсак, шайлоо өткөрүү мезгилинде акча төлөө же болбосо акча каражаттарын таркатуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кайсы-бир кызмат ордун же башка ыраазычылыктарды алууга өбөлгө түзүү аркылуу шайлоочуларды сатып алуу IV категориядагы айып салууга жазаланат (жашы жете электерге 80 000 – 100 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 180 000 – 220 000 сомго чейин).

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ушуга тете эле талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар тарабынан жасалган ушул эле жосун, V категориядагы айып салуу (жашы жете электерге 100 000 – 120 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 220 000 – 260 000 сомго чейин) же I категориядагы (жашы жете электерге - 1 жыл 6 айга чейин, башка жеке жактарга – 2 жыл 6 айга чейин) эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

Тренингде шайлоо талаш-тартыштары, шайлоо талаш-тартыштарын кароо мөөнөттөрү жана процедуралары, шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн конституциялык жоопкерчилик каралды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчылыгына талапкер тарабынан билип туруп шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарда каралган анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти берүүсү, ошондой эле талапкерликке көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоолдук кылуучу маалыматтарды жашыруу – I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электерге 5 000 – 15 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 20 000 – 30 000 сомго чейин).

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жасаган ошол эле жосун, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укуктарынан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электерге 5 000 – 15 000 сомго чейин, башка жеке жактарга 20 000 – 30 000 сомго чейин).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>