Башкы Жаңылыктар Ош облусунда укук коргоо органдары үчүн добуш сатып …

Ош облусунда укук коргоо органдары үчүн добуш сатып алууга жана административдик ресусрка чара көрүү боюнча окутуу өттү

04-Окт, 2021

Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга чара көрүүлөрдү жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча Ош облусунун укук коргоо органдары үчүн тренинг уюштурулду. 

Окутуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан, БУУӨПтүн колдоосу менен шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында өттү.

Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендигин, ошондой эле чара көрүү схемалары тууралуу маалымат берди.  

 

 “Кыргызстан шайлоо тутумун реформалоонун жүрүшүндө шайлоонун аталган этабында коррупцияга жол бербестен, добуштарды саноодо тактыкка жетишти. Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү үчүн саясий партияларга шайлоо комиссиялары, райондук же жергиликтүү бийлик менен тил табышууга мүмкүн болбосо, анда шайлоо процессинин натыйжасы көз каранды болгон бир эле субъект – шайлоочу гана калат. 2016- жана 2020-жж. жергиликтүү шайлоолордогу массалык катталган добуш сатып алуулардын келип чыгышы ушундан.    

Эгер биз бул көйгөйдү чечкен болсок, анда ал ишенимдүүлүктү арттырат. Атап айтканда, ар бир жарандын шайлоо органдарын түзүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгү катары    жеткиликтүүлүктү камсыздоо мамлекеттин жарандарга карата жоопкерчилиги болуп эсептелет. Андыктан, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс маселесин чечүү зарыл. Ал үчүн мамлекеттик жетекчиликтин эле эмес, ЖӨӨБ органдарынын, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин да саясий эрки күчтүү болушу керек”, - деди ал.

Тренингде шайлоонун жүрүшүндө прокуратуранын ролу, анын ичинде каттоо жана маалыматтар журналына (КМЖ),  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) маалыматтарды каттоо жана шайлоо мыйзамдары жаатында кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруу тартиби тууралуу айтылды. Алсак, жасалган кылмыш жана жорук тууралуу сотко чейинки өндүрүш КЖБРге маалымат киргизилген учурдан тартып башталат. КЖБРге каттоо үчүн себептер төмөнкүлөр болушу мүмкүн: жарандын арызы; кызмат адамдарынын, БШК мүчөсүнүн билдирүүсү, ошондой эле жасалган кылмыш, жорук тууралуу күбөлөндүрүүчү жагдайлар түздөн-түз табылгандыгы тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкеринин рапорту.  

Тергөөчү, прокурор төмөнкүлөрдү:

  •  жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу жарандардын арызын;
  •  жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсүн; 
  • жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу күбөлөндүрүүчү жагдайлар түздөн-түз табылгандыгы тууралуу кызмат адамынын, сурак органынын, тергөөчүнүн же прокурордун рапортун;
  • чет өлкөдөн келген кылмыш иштери белгиленген, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш материалдарын 

алган учурда тийиштүү маалыматтарды дароо Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүгө милдеттүү.   

Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдар бардык жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу арызды же билдирүүнү кабыла алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз берүүчүгө арызды же билдирүүнү кабыл алган адам, катталган убакытысы жана каттоо номери көрсөтүлгөн кылмыш тууралуу кабыл алган арызды же билдирүүнү  каттоо тууралуу документ берилет. Жасалган же даярдалып жаткан кылмыш тууралуу арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жашырып коюу Кылмыш кодексинин 377-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат (50 миӊден 100 миӊге чейин айып пул төлөө, белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен эки жылга чейин эркинен ажыратуу).   

Ошондой эле шайлоо процессинин конституциялык-укуктук жоопкерчилигинин чаралары тууралуу да айтылды, алар:   

  1. Бузуулар тууралуу оозеки жана жазуу түрүндөгү эскертүү (КР КМ 28-б., 9-б.)
  2. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу (КР КМ 53-б., 3-б., КР КМ 61-б., 7-б.)   
  3. Талапкерди, талапкердердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы, шайлоонун натыйжасы тууралуу шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу (КР КМ 28-б., 9-б., КР КМ 46-б., 2-б.)    
  4. Шайланган талапкерди каттоону жокко чыгаруу (КР КМ 46-б., 1-б.) 
  5. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу (КР КМ 37-б., 4-1-б.)
  6. Шайлоо болбой калды деп эсептөө (КР КМ 37-б., 3-б.) 
  7. Шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу (КР КМ 37-б., 6-б.).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>