Башкы Жаңылыктар Каракол шаарында маалымат каражаттары жана блогерлер шайлоо процессине …

Каракол шаарында маалымат каражаттары жана блогерлер шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү механизмдерин үйрөнүштү

04-Окт, 2021

Каракол шаарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана блогерлер коомчулугунун өкүлдөрү 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Шайлоо учурунда журналисттердин ишинин маанилүү аспектилери, КР ЖКда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, жарандарга шайлоо процессинин жүрүшү жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча окутуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана USAIDдин Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү

менен биргеликте уюштурулду.

КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова катышуучуларга шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылган жаңы аралаш шайлоо системасы, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер шайлоону чагылдырууда жана мониторинг жүргүзүүдө колдоно алыша турган КР БШКнын электрондук жана маалыматтык ресурстары жөнүндө маалымат берди.

Аларга талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан http://talapker.shailoo.gov.kg/ "Электрондук талапкер" маалымат порталы жөнүндө айтылды. "Электрондук талапкер" талапкерлердин жана саясий партиялардын документтеринин пакетин шайлоо комиссияларына тапшыруу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт, ошондой эле шайлоочуларды талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалымат менен тааныштырат. Жаңы ресурстун маанилүү кызматы партиялардын жана талапкерлердин каржылык отчетторун жарыялоо болуп саналат, мында каржылоо булагы жана чыгымдардын бардык беренелери көрсөтүлөт.

Портал шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө маалыматты тактоо үчүн башка мамлекеттик органдардын маалымат системалары менен автоматтык түрдө өз ара аракеттенет, шайлоо өнөктүгүнүн бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү жана мониторингди камсыз кылат.

Медиа-эксперт Авланбек Жумабаев алдыдагы шайлоо учурунда массалык маалымат каражаттарынын милдеттерине токтолду.

«Добуш берүү системасы өзгөрдү, мурда биз партиялык тизме боюнча гана добуш берсек, азыр бизде бир мандаттуу талапкерлер бар. Партиялык тизме боюнча добуш берүү ачык, биз партияны да, талапкерди да тандайбыз. Мунун баары маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө чагылдырылган. Кыска убакыттын ичинде биз бул кандайча жасаларын шайлоочуларга түшүндүрүшүбүз керек. Бул жагынан активдүү звено - бул ЖМК. Сөз эркиндиги жогору бааланган биздин өлкөдө социалдык тармактар ​​дагы бар, ошондуктан биз блогерлер менен да иштеше баштадык», - деди ал.

Тренерлер БШКнын Маалымат жана үгүт иштери боюнча Жумушчу тобунун мүчөсү, Кыргызстандын Көз карандысыз Журналисттер Биримдигинин жетекчисинин орун басары Семетей Аманбеков жана Асел Сооронбаева катышуучуларга фактыларды текшерүүнү, шайлоо процессиндеги маалыматты көзөмөлдөөнү, дезинформацияны жана фейкти айырмалай билүүнү үйрөтүштү. Ошондой эле шайлоодогу жана шайлоодон кийинки кырдаалды турукташтырууда ММКнын касташуу сөздөрүн колдонбоосу жөнүндө айтышты.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>