Башкы Жаңылыктар Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында шайлоо процессинин катышуучулары КР …

Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында шайлоо процессинин катышуучулары КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо эрежелерин үйрөнүштү

04-Окт, 2021

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан депутаттыкка талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана банк кызматкерлерине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021: Талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт иштерин каржылоолорунун ачык-айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаштарын кароо» темасында окутуу уюштурулду.

Иш-чара ПРООНдун колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануунун жана өткөрүүнүн алкагында өттү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүүнүн принциптери, схемалары жана чектери тууралуу маалымат берди.

Ал бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктаарын (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) белгиледи. Саясий партиялардан сьезддерде ар бир талапкер чыга турган шайлоо округун көрсөтүү менен ишке ашырылат. БШКнын жана Жумушчу топтун мүчөлөрү саясий партиянын сьездине катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу округда бирден ашык эмес талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен БШКга көрсөтүлгөн округ боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызын берген талапкер тарабынан жүргүзүлөт. Мында талапкер өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен шайлоо күрөөсүн БШКнын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндө (100 000 сом) төгөт. Талапкер бир округдан гана көрсөтүлө алат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо талаш-тартыштары боюнча арыз берүүнүн жана кароонун мөөнөтү, тартиби, конституциялык жоопкерчилик, финансылык ачыктык тууралуу айтылды. Ошентип, жарандын шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялыгын бузуу IV категориядагы коомдук жумуштарга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айыпка жазаланат. Шайлоо комиссиясынын ишине же шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан ишине кийлигишүү, анын ичинде анын чечимдерине таасир этүү үчүн кызматтык же кызмат абалын колдонуу аркылуу шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу; тактап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, добуштарды эсептөө жана башка маселелер боюнча талабы же көрсөтмөсү, же шайлоо процессинде колдонулган мамлекеттик маалымат тутумдарынан алынган маалыматтарды атайылап бурмалоо аракети IV категориядагы коомдук жумуштарга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айыпка жазаланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан жасалган ошол эле аракеттер IV категориядагы түзөтүү жумуштары же V категориядагы айып пул менен жазаланат.

 

Катышуучуларга талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу айтылып, шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар банк мекемесиндеги атайын эсепке которула тургандыгын билдиришти.  Атайын эсеп БШКнын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат (талапкерлер үчүн тиешелүү ОШКнын уруксаты менен).

Саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  • Талапкердин өздүк каражаты - 1 500 000 сомдон ашпашы керек,
  • Саясий партиянын жеке каражаттары - 100 000 000 сомдон ашпашы керек,
  • Жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу - 200 000 сомдон ашпашы керек,
  • Юридикалык жактардан ыктыярдуу кайрымдуулугу - 3 000 000 сомдон ашпашы керек.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу суммасы 300 000 000 сомдон ашпоого тийиш.

Шайлоо алдындагы үгүт - бул шайлоочуларды добуш берүүгө үндөө же үндөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын шайлоо кампаниясы учурунда айрым талапкерлер үчүн (талапкерлердин тизмеси) же аларга каршы маалыматты даярдоо жана жайылтуу аракети экендиги айтылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8: 00дө аяктайт. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын макулдугу менен гана каржылоону талап кылган шайлоо өнөктүгүн алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

КР БШК Маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>