Башкы Жаңылыктар Өзгөн шаарында шайлоо талаштары, шайлоо фонддору жана үгүт …

Өзгөн шаарында шайлоо талаштары, шайлоо фонддору жана үгүт иштери боюнча окутуу өттү

04-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампанияларын каржылоонун ачык -айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаштарын кароо” деген темада окутууну депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурду.

Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануунун жана өткөрүүнүн алкагында ПРООНдун колдоосу менен Өзгөн шаарында өттү.

Ошондой эле партиялык сьезддерди сыртта (ачык асман алдында) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. Сьезддерди имаратта өткөрүүдө саясий партиялар төмөнкү сунуштарды эске алышы керек:

  • саясий партиянын сьезди өтүүчү жайдын кире беришинде “кирүү чыпкасын” уюштуруу;
  • сьезд башталганга чейин жуучу каражаттарды колдонуу менен имараттын ичин жана иш алып бара турган жерлерди кылдат нымдуу тазалоону жүргүзүү жана дезинфекциялоо;
  • сьезддин катышуучусунун температурасын байланышсыз түрдө өлчөө;
  • сьездди өткөрүү эрежелерин жана коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары боюнча эрежелерди кире беришке жайгаштыруу;
  • имараттын кире беришинде жана ичинде санитайзер же башка кол тазалоочу       каражаттарды колдонууну камсыз кылуу;
  • • сьезддин бардык катышуучулары медициналык беткаптарды же респираторлорду кийүү режимин милдеттүү түрдө сактоосу;
  • сьезд өтө турган жайдын кире беришине жана ичине аралыкты сактоочу белгилерди орнотуу;
  • сьезддин бардык процедуралары учурунда анын катышуучуларынын ортосундагы аралыкты (1,5 - 2 м) сакталышын көзөмөлдөө үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.

Жасалма желдетүү тутуму жок болгон учурда абаны дезинфекциялоо үчүн рециркуляторду орнотуу зарыл, ал жок болгон учурда имаратты желдетүү 30 мүнөт сайын 15 мүнөткө созулган желдетүү болушу керек.

Катышуучуларга "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүүнүн, акча каражаттарынын түшүүсүн жана сарптоонун тартиби жөнүндө" Жобо менен жөнгө салынган шайлоо фонддорун түзүүнун тартиби, финансылык жоопкерчилик тууралуу айтып беришти.

Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлер, ошондой эле бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо кампанияларын каржылоо үчүн өзүлөрүнүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү экени айтылды. Талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз. Шайлоо фондун түзбөө БШКнын талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуусунун негизи болуп саналат.

Талапкерлер өздөрүн талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин (ыйгарым укуктуу финансылык өкүлдү дайындаган талапкерлер үчүн - ыйгарым укуктуу финансылык өкүлдүн шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин (2021-жылдын 13-октябрына чейин), ал эми саясий партиялар - саясий партиянын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөндөн кийин жана ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзүүлөрү керек.

Окутуунун жүрүшүндө шайлоо талаштары, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына арыздарды жана даттанууларды берүүнүн мөөнөтү жана тартиби каралды. Документтерди берүү мөөнөтүнө карата, субьектке анын шайлоо укугу бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон соң даттануу дароо берилээри, чечим кабыл алуу, аракет (аракетсиздик) 3 календардык күндөн кечиктирилбей ишке ашаары айтылды. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан кийинки күнү, аракет кылуудан кийин (аракетсиздик) башталат.

Ошондой эле тренингде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери, дебаттарды өткөрүү форматы, маалымат берүү менен үгүт иштеринин айырмасы каралды.

КР БШК Маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>