Ысык-Көл облустук укук коргоо органдарына мыйзам бузууларга чара көрүү тартибин түшүндүрүштү
04 октября 2021
Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жооп берүү иш-чара иштеп чыгуу боюнча тренинг уюштурулду.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан ПРООНдун колдоосу менен уюштурулуп, шайлоо процессинин бардык стадияларында мыйзам бузууларга жооп берүү боюнча укук коргоо органдарынын квалификациясынын туруктуулугун жана системалуу болуусун камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.
Окуу процессине жаңы мамиленин калыптанышын эске алуу менен тренингдерге эң квалификациялуу, тажрыйбалуу тергөө, иликтөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери чакырылды.
КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова катышуучуларга алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, аралаш шайлоо системасы боюнча өтөөрү жана укук коргоо органдары өз ишмердүүлүгүндө эмнелерди эске алышы керектиги ошондой эле жооп берүү схемасы тууралуу маалымат берди.
«Алдыдагы шайлоонун негизги өзгөчөлүгү - көп субъекттүүлүк. Шайлоонун ар бир субьектиси менен мамиле түзүү зарыл, талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын бардык укуктары корголушу керек. Ошондой эле бир өзгөчөлүк - шайлоо процессин башкаруу структурасынын өзгөрүшү болуп эсептелет. Эгерде мурда шайлоо аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлсө, азыр - округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары өткөрүшөт. Боршайком конституциялык-укуктук жоопкерчилик чараларын колдонуу, партия же талапкер үчүн добуш берүү чараларын жараксыз деп табуу, добуш берүү күнүнөн кийин каттоону жокко чыгаруу ж.б. сыяктуу бардык маселелерди кароого укуктуу.
Ар бир округда арыздарды жана даттанууларды тез кабыл ала турган штабдар түзүлүшү керек. Координациялык топ арызды алат, талдайт жана андан ары компетенциясына жараша укук коргоо органдарына, округдук комиссияга, Борбордук шайлоо комиссиясына, УКМКга жана прокуратурага жөнөтөт. Чараларды тез арада кароо жана кабыл алуу, айрыкча шайлоо кампаниясынын баштапкы этабында, мыйзам бузуулардын бардык түрлөрү үчүн коом үчүн жакшы белги болуп саналат, бул шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча бүт кырдаалды жакшыртат. Бул шайлоо процессинин бардык катышуучуларына мыйзамдын чегинде аракеттенүү үчүн белги, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгынын көрсөткүчү, биздин кызматташтыктын эффективдүүлүгү», - деди ал.
Шайлоо күнү шайлоо участогунда үгүт жүргүзүү одоно мыйзам бузуу болуп саналаары, шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылышы мүмкүн экени айтылды. Эң одоно мыйзам бузуулар - бул жарандын эркин тандоосуна таасир эткен талапкерлердин тең укуктуулугун бузуу. Булар паракорчулук жана административдик ресурсту колдонуу болуп саналат. Кыргыз шайлоо реформасынын жетишкендиги - добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгү.
Катышуучуларга административдик ресурсту колдонууну кыскартуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү нормаларды мыйзамдаштырганын эскертишти. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып, төмөнкү учурда кызматтык же кызмат укуктарын ыйгарым түрдө жүзөгө ашырууну токтотот, эгерде ал:
• 1) Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен тышкары мамлекеттик саясий кызматкер болсо;
• 2) жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары муниципалдык саясий кызматкер болсо;
• 3) мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болсо;
Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгуча кызматтык же кызмат укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал:
• 1) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломатиялык);
• 2) муниципалдык кызматкер болсо;
• 3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болсо.
Прокуратура менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүү формалары жөнүндө айтылды, алар шайлоо мыйзамдарын камсыздоого байланыштуу маселелер боюнча маалымат алмашууну камтыйт; тегерек столдор жана ыкчам жолугушуулар түрүндө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү да кирет.
Катышуучулар "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана аракеттери шайлоо процессинин бардык субъекттери тарабынан прокуратура органдарына даттанылышы мүмкүн - булар шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоо процессинин бардык башка субъекттери. Шайлоого даярдык көрүү учурунда арыздар, даттануулар жана башка билдирүүлөр келип түшкөн күндөн тартып 2 күндүн ичинде прокуратура тарабынан каралууга тийиш, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүнүн алдындагы күнү келип түшкөндөр – дароо каралышы зарыл. Арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер 3 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык, арыздар жана даттануулар жүйөлүү болуп жана алар негиз болгон далилдер менен бирге берилиши керек. Даттанууну кароодон баш тартылган учурда, прокуратура жана ички иштер органдары баш тартуунун себебин түшүндүрүп, чечим кабыл алынгандан кийин дароо анын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Шайлоо процессинин катышуучуларынын конституциялык – укуктук жоопкерчилигине байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөп, жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөрү белгиленди. Талапкер, саясий партия тарабынан ушул Конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга мыйзам бузгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер, саясий партия тарабынан ушул Конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү эрежелери бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузулган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
КР БШК Маалымат бөлүмү