Башкы Жаңылыктар Каракол шаарында шайлоо процессинин катышуучуларына үгүт жүргүзүү эрежелери …

Каракол шаарында шайлоо процессинин катышуучуларына үгүт жүргүзүү эрежелери жана каржы жоопкерчилиги түшүндүрүлдү

02-Окт, 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каракол шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди,  саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү.

Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана БШК мүчөсү И.Гайпкулов чогулгандарга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу шайлоо өткөрүү эрежелерин түшүндүрүштү. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана саясий партиялардын бирдиктүү шайлоо округу  боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби тууралуу айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин тизмесин, талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялай тургандыгы тууралуу айтылды.

Ошондой эле маалымат КР БШКнын расмий сайтынын «Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалыматтык ресурстар бөлүгүндө жарыяланат. КР БШКнын бул электрондук ресурсу талапкерлер жана партиялар тууралуу жарандарга маалымдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Бул сайттан шайлоочулар баардык партиялардын программалары менен онлайн таанышып, ар бир партия тууралуу төмөнкүдөй жалпы  маалымат алат: байланышуу маалыматтары, региондук өкүлчүлүктөрү, жетектөөчү органдары, партиянын мүчөлөрүнүн саны, логотиптери, каттоо датасы, урааны, шайлоого катышкан тарыхы ж.б. Каржылоо булактарын жана чыгымдардын баардык беренелерин көрсөтүү менен каржылык отчётторду жарыялоо жаңы ресурстун маанилүү учуру болуп саналат.

Талапкер, саясий партия талапкерлер, талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт, ошондой эле аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Саясий партиянын шайлоо алдындагы программасы жарыяланган басылманын көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.

Шайлоо процессинин каржылык айкындуулугу жана каржылык отчёттуулугу  жөнүндө блок окутуунун маанилүү учуру болуп калды. Шайлоо фондун түзүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкер тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына, ал эми талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына 1-форма боюнча атайын эсеп ачуу жөнүндө арыз менен кайрылат. Тиешелүү шайлоо комиссиясынан 2-форма боюнча атайын эсеп ачуу жөнүндө уруксат алгандан кийин саясий партия, талапкер шайлоо фонду үчүн атайын эсеп ачат. Атайын  эсепти ачуу банк талап кылуучу документтер тапшырылгандан кийин ыйгарым укуктуу банк тарабынан ишке ашырылат. Атайын  эсеп ачылгандан кийин саясий партия, талапкер үч күндүк мөөнөт ичинде атайын эсептин реквизиттерин 3-форма боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясына кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Шайлоо талаш-тартыштарын окуп-үйрөнүүдө катышуучулар бузуулар үчүн шайлоо мыйзамдарында кандай жоопкерчилик чаралары бар экендигин билишти: эскертүү – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда (добуш берүү күнүн  кошуп алганда бүт өнөктүктүн тогошунда); талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 53, 60-беренелери; катталган талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоосун жокко чыгаруу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренеси; шайланган талапкердин каттоосун жокко чыгаруу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 44-беренеси.

Саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөр айтылды: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу.

Ошол эле учурда шайлоо процессинин баардык катышуучулары каржылык айкындуулук жана каржылык жоопкерчилик принциптеринин негизинде иштөөлөрү керек. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия талапкерлердин тизмесин чакырып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган (алынып салынган) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткан учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүсү тийиш.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

          

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>