Башкы Жаңылыктар Нарын шаарында ЖМКга шайлоонун жүрүшүндө маалымдоонун өзгөчөлүктөрүн окутуу …

Нарын шаарында ЖМКга шайлоонун жүрүшүндө маалымдоонун өзгөчөлүктөрүн окутуу башталды

02-Окт, 2021

Нарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин колдоосунда КРдеги шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (USAID) менен өнөктөштүктө уюштурган ЖМК жана блогердик коомчулук үчүн тренингдердин сериясын ачты.  

Нарын шаарынын журналисттери жана блогерлери шайлоо мезгилиндеги иштердин маанилүү аспектилери, КР ЖК шайлоосун уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу жарандарды маалымдоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери менен таанышты. 

КР БШК төрагасы катышуучуларды жаӊы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырды. Ал Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумунда жүргүзүлгөн реформа шайлоо процессинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдөн тартып анын бардык этаптарында айкындуулукка жетишүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Алсак, КР БШК дайыма жеткиликтүү болгон, шайлоочулардын өзү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ачык-айрымдуулукка, жеткиликтүүлүккө багытталган «Тизме» маалыматтык ресурсун иштеп чыкты https://tizme.gov.kg/home.xhtml.  Шайлоочулардын тизмесин жаӊылоо шайлоо аралык мезгилде – ай сайын, шайлоодо – күн сайын жүргүзүлүп турат.   

“Ачык, айкындуулук биринчи планга чыкты, андыктан, былтыр БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекованын демилгеси менен маалымдоо жана үгүт иштери боюнча Жумушчу топтун курамына медиа мейкиндикти абдан жакшы билген алдыӊкы медиа эксперттери киргизилген. Өткөн шайлоолордо биз даттануу жана шайлоо мыйзамдарынын бузууларын гана караган элек, ал эми быйыл аталган топ маалыматтык, билим берүүчүлүк, агартуучулук материалдардын контентин иштеп чыгууга катыша алат”, - деп белгиледи медиа эксперт Авланбек Джумабаев.

Тренерлер Семетей Аманбеков жана Асель Сооронбаева маалымдоо менен шайлоо алдындагы үгүттөөнүн ортосундагы айырмачылыктар, шайлоо мезгилиндеги мониторингдин өзгөчөлүктөрү, чындыкты жалган маалыматтан ажыратуу үчүн фактчекинг механизмдери тууралуу айтып беришти.  

Катышуучулар касташуу тили деген эмне экенин, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө жек көрүү тилин пайдалануу тажрыйбасын кантип азайтуу керектигин талкууга алышты. ЖМКда жана социалдык тармактарда касташуу тилин колдонууну азайтуу боюнча сунуштар киргизилди. 

Шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жасоодо, адилеттүү атаандаштыкты жана каржы айкындуулугун камсыздоодо ЖМК маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди. Алар шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдарга мониторинг жүргүзө алышат, анын натыйжасы саясий партиялар жана талапкерлер саясий каржылоонун тийиштүү мыйзамдарына баш ийүүсүн, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бул жаатта укук колдонуу тийиштүү деӊгээлде камсыздалып жаткандыгын көрсөтүп турат.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>