Башкы Жаңылыктар Кочкор айылында ОШК мүчөлөрүнө, талапкерлерге, саясий партиялардын ыйгарым …

Кочкор айылында ОШК мүчөлөрүнө, талапкерлерге, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо талаш-тартыштары боюнча окутуу өткөрүлдү

02-Окт, 2021

“2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасындагы тренингдердин сериясы депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн Кочкор айылында окутуу менен улантылды.  

Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу айтылды. Өзгөчө, шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө басым жасалды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Талапкерлерди жана саясий партияларды каттоодон баш тартуунун негиздери тууралуу айтылды. Булар: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн  "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө; көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

Шайлоо фонддорунун айкындуулук компонентин изилдөөдө эгер кайрымдуулук берүүлөр кайрымдуулук берүүгө укугу жок жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо (б.а. тыюу салынган болсо), ал кайрымдуулук берүүчүгө толук көлөмдө кайтарылып берилүүгө тийиш. Эгер кайрымдуулук берүүлөр жаран же юридикалык жак тарабынан чектик сумманы бузуу менен берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толук көлөмдө, же белгиленген кайрымдуулук берүүнүн максималдык өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайтарып берүү себептери көрсөтүлүү менен кайтарылып берилет.   

Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш. Бул тууралуу тренингдин катышуучуларына шайлоо алдындагы өнөктүгүн окутууда айтып берилди. Катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбейт. Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>