Башкы Жаңылыктар Кадамжай шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери үчүн каттоо …

Кадамжай шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери үчүн каттоо жана шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү

01-Окт, 2021

Кадамжай шаарынын депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрүлдү.

Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.

КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо тартибин түшүндүрүп берди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2021-жылдын 18-октябрына чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырыш керек. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (2021-жылдын 18-октябрынна чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырат.

Шайлоо талаш-тартыштарын кароо тартибин караштырганда, шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам бузуу учурларын кароону, кароонун схемасы жана тартиби, арыздын предмети, даттануулар деталдуу түрдө изилденди. Ошентип, шайлоо мыйзамдарында жана Кодекстин 44-47-беренелеринде каралган белгилер аныкталган учурда, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте каралууга тийиш, Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана комиссиялардын жыйынына багытталат. Кодекстин 42,43,48-беренелеринде каралган бузуулардын белгилери аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (БШКнын кызматкери жана (же) АШК, ОШКда БШКнын атайын өкүлү) кароосуна жөнөтүлүшү керек, бузуу жөнүндө протокол түзүлөт. Андан ары, каршы болгон учурда, Кодекске ылайык жаза колдонуу үчүн комиссияга жолдомо, ал эми бузууну моюнга алган учурда – бузуулар жөнүндө токтом боюнча айып төлөө.

Окутуунун чоң блогу талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржы айкындуулугуна, анын ичинде талапкерлердин жана партиялардын жарандар жана юридикалык жактар ​​менен эсептешүүлөрүнө арналган.

Ошентип, жарандар жана укуктук жактар аткаруучу акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-өткөрүү актысы ж.б. тапшырыкчы жана аткаруучунун колу коюлган) таризделүүгө тийиш.

Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш.

Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчы (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаз(накладной) документтери менен ырасталууга тийиш.

Ошондой эле катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана анын бузуулары үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди..

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>