Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ

30 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоосу 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерин,»Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 3, 21-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо тууралуу» Жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №698, 28-сентябрындагы №716 токтомдорунун негизинде, Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Свердлов ОШК) убактылуу тышта жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынан, жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу талапкерлерди көрсөтүүсү тууралуу жарыялайт:

№ 9020 – Россия Федерациясы, Томск ш.;

№ 9021 - Россия Федерациясы, Хабаровск ш.;

№ 9026 - Россия Федерациясы, Казань ш.;

№ 9052 - Россия Федерациясы, Самара ш.;

№ 9053 – Россия Федерациясы, Краснодар ш.;

№ 9054 - АКШ, Нью-Йорк ш.;

№ 9055 – АКШ, Чикаго ш.;

№ 9056 – Түркия Республикасы, Анталья ш.;

№ 9057 – Италия, Кальяри ш.;

№ 9058 – Венгрия,  Будапешт ш.

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлигин көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө, коомдук турмушта катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына жарандардын жыйынынан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго жыйындын катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн жана колу коюлган тизмеси тиркелиши керек.

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тийиштүү документ берилет.

Көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

  • талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу тууралуу арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу милдеттенмеси;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн өмүр баяндык маалымат (кадрларды эсепке алуучу жеке баракчасы же резюмеси);
  • байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, уюлдук) электрондук дареги.

Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор (анын ичинде электрондук түрүндө) Свердлов ОШКга 2021-жылдын 14-октябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.

Маалымат телефондору: +996 312-382-426, +996 550-963-669 (WhatsApp)

Эл. дарек: tikbishkek@gmail.com

 

Свердлов округдук шайлоо комиссиясы