Башкы Жаңылыктар Баткен шаарынын талапкерлерине жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу …

Баткен шаарынын талапкерлерине жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каржы отчеттуулугу жана шайлоо процессин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө окутуу өткөрүлдү

29-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.

Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен өткөрүлүүдө. 29-сентябрда окутуу Баткен шаарында уюштурулду.

Катышуучуларга талапкерлерди көрсөтүү жана бирдиктүү, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо тартиби; шайлоо өнөктүктөрдү каржылоо маселелерин укуктук жөнгө салуу; шайлоо фонддорун түзүү жана алардын булактары; шайлоо күрөөсү; жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүү; шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу; каржы отчеттуулугу; көзөмөл жана жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.

Талапкердин же саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана укуктук жактар менен келишимдер (макулдашуулар) кандидат же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлгөндүгү белгиленди. Келишимдер жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн, төлөмдөр талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен гана ишке ашырылат. Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүү жана атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарын кайтарылып берүүсү боюнча бардык каржылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен токтотулат.

Саясий партиялардын жана юридикалык жактардын ортосунда шайлоо алдындагы өнөктүктөргө байланышкан белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткарганы үчүн эсептешүүлөр которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө төмөнкү чекте укуктуу: саясий партия - 10 000 ден ашпаган үгүтчү; бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер – 500дөн ашпаган үгүтчү.

Тренингде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы өнөктүктү жүргүзүү эрежелери туралуу айтылды. Өзгөчө көңүл бузуулар үчүн жөөпкерчиликке тартууга бурулду.

Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга - 7500 сом, юридикалык жактарга - 23 000сом). Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун 5-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 10 000 сом, юридикалык жактарга – 28 000 сом).

Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма сөз материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды таратуу 6-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 12 500 сом, юридикалык жактарга – 35 000 сом).

Имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген укма-көрмө материалдарды, депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты, же болбосо башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 7500 сом, юридикалык жактарга – 23 000 сом).

Ошол эле учурда үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

Тренингдин катышуучулары шайлоо талаш-тартыштардын кароо мөөнөтүн жана тартибин, талапкерлерге жана партияларга карата жоопкерчилик ченемдерин карап чыгышты, ошондой эле бузуулар жөнүндө Кодексинин нормаларын бузуу үчүн кайсы органдар жоопкерчиликке тартууга укуктуу экендиги айтылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>