Башкы Жаңылыктар БШК шайлоо процессинин катышуучуларынын каржылык айкындуулугу боюнча окутууну …

БШК шайлоо процессинин катышуучуларынын каржылык айкындуулугу боюнча окутууну баштады

27-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер,  саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.

Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Тренингдер БШК мүчөлөрүнүн катышуусу менен Бишкек, Кант, Ош жана Кара-Балта шаарларында өттү.

Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жана документтерди берүү тартибин түшүндүрүүдөн башталды. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары талапкер боло алат. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) аяктайт.

Тренингде саясий партиянын тизмеси 54 кишиден ашпашы керек, анын ичинде бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу (мында аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу), талапкерлердин 15 пайызынан кем эмеси 35 жаштан ашпоосу, ар кандай этносторго таандык талапкерлердин саны 15 пайыздан кем болбоосу, кеминде 2 талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болууга тийиш экендиги айтылды.  

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) аяктайт.

 

Катышуучуларга шайлоо өнөктүгүн каржылоону укуктук жактан жөнгө салуу маселелери, шайлоо фонддорун түзүү жана аларды каржылоо булактары,  шайлоо күрөөсү, жарандар жана укуктук жактар менен эсептешүү, шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүүсүн жана сарпталышын эсепке алуу, каржы отчёттуулугу, каржы айкындуулугу, контролдоо жана жоопкерчилик тууралуу айтып беришти.

Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары шайлоо өнөктүгүн каржылоонун айкындуулугу бөлүгүндө эл аралык стандарттарга, сунуштамаларга жана талаптарга максималдуу деңгээлде ылайык келери белгиленди.

Тренингде шайлоо үгүтүнүн, ошондой эле  мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, диний ишмерлерге, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине, кайрымдуулук иштер менен алектенген уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө, чет элдик жарандарга жана уюмдарга ж.б. шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрүп беришти.

БШКнын мүчөлөрү бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти, Жогорку БШК мүчөлөрү Президентти, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадиоуюму тарабынан бөлүнгөн акысыз обо убакытысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем эмес болуш керек экендигин эскертишти. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келишкен талапкерлердин, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.  Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн берилген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү аймактык телерадиоуюмдарынын каналдарында жумуш күндөрү 30 мүнөттөн кем эмес болушу керек.

Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу максатында талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр менен, кеңейтилген шрифт менен басылып чыккан, окууга жеңил, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, үгүт материалдарынын тиражынын жалпы көлөмүн бир пайыздан кем эмес көлөмдө жарыялоого милдеттүү.

Окутуунун жүрүшүндө шайлоо талаш-тартыштарына, шайлоо процессинин катышуучуларынын конституциялык-укуктук жоопкерчилигине, даттанууларды кароо тартибине жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Аймактык шайлоо комиссиялары мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине); добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине (протоколуна); шайлоо процессинин субъекттеринин (катышуучуларынын) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине); добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине (протоколуна); шайлоо процессинин субъекттеринин (катышуучуларынын) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>