Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо жана Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 26-июлуна дайындалды

04 июля 2013

  Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоону жана Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2013-жылдын 26-июлуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын 11-июнундагы токтому менен Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалган. Бирок кворум болбой калгандыктан шайлоо өткөн эмес.

Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы