Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
04 июля 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Шайлоо ушул жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутатттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Мелисбек Акматов Манас районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Өмүралиев Жыргалбек Нарын районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы жана талапкер Эрлан Жыргалов Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
