БШК талапкерлерди “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын катталган тизмесинен чыгарды

21 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21-сентябрында Сабиров Медербек Нурдиновичти жана Кочкорбаев Абдумуталип Калдарбаевичти “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Сабиров Медербек Нурдиновичтин жана Кочкорбаев Абдумуталип Калдарбаевичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арыздарынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 68 чечиминин талапкерлер Сабиров Медербек Нурдиновичти жана Кочкорбаев Абдумуталип Калдарбаевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү