Башкы Жаңылыктар БШК 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин …

БШК 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти

16-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-августундагы ПЖ № 370 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди.  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык: «Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт».   

2021-жылдын 16-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо үчүн чыгымдардын сметасын бекитти. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасынын жалпы суммасы  592 531,0 түздү, анын ичинде:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын суммасы ­- 235 394,7 миӊ сом, мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары үчүн зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каражаттар камтылган; 

- округдук шайлоо комиссияларынын (мындан ары - ОШК) чыгымдарынын суммасы – 339 136,3 миӊ сом, алар төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт; 

- КР ТИМ чыгымдарынын суммасы - 18 000,0 миӊ сом, шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктары КР ТИМ тарабынан камсыздалаары эске алынды. 

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын нормаларынын талаптарына ылайык, шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын аппартынын ишмердигин, ошондой эле төмөнкү жактагы шайлоо комиссияларынын ишмердигин камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан борборлоштурулган түрдө жүзөгө ашырылат:

- байланыш кызматтары (уюлдук байланыш);

- канцелярдык буюмдарды сатып алуу; 

- интернет байланыш кызматтары (анын ичинде, автоматтык эсептөөчү урналар жана планшеттер үчүн);  

- басылма продукцияларынын кызматтары (бюллетендерди, тесттик бюллетендерди даярдоо, шайлоочулар үчүн маалымат плакаттары, усулдук журналдар ж.б.);   

- ММКда билдирүүлөрдү жарыялоо боюнча кызматтар; 

- шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таратуучу материалдарды жеткирүү боюнча кызматтар; 

- жарандандын саламаттыгын коргоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук каражаттарын сатып алуу; 

- шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишмердигин камсыздоо менен байланышкан дагы башка чыгымдар. 

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкү жактагы шайлоо комиссиялары үчүн кийинки беренелер боюнча чыгымдардын сметасы даярдалган: 

- 2111 «Айлык маяна»,

- 2121 «Соц.фондго төлөө»,

- 2211 «Кызматтык иш сапарларга кеткен чыгымдар»,

- 2214 «Унаа чыгымдары» (автоунаалар үчүн КММ жана канцелярдык товарларды, баннерлерди, таратуучу материалдарды, жеке коргонуу каражаттарын ОШК-УШК-ОШК багыты боюнча жабдууларды ташуу боюнча кызматтар) жана ОШК отчетторун тапшыруу үчүн; 

- 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» (окууга, тамак-ашка, суткалык чыгымдар, шайлоо комиссияларынын ар бир мүчөсүнө күнүнө 500 сомдон эсептегенде). 

Маалымат иретинде: Смета төмөн жактагы шайлоо комиссияларын ачууга, техникалык жабдууга жана иштешине зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен эсептелет (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамга чейин белгиленген).   ОШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 31523 адамды түзөт:

- 36 ОШК - 540 адам,

- 2435 УШК – 30 527 адам;

- 57 ТИМ УШК – 456 адам.

Ошондой эле, техникалык колдоо көрсөтүү топторуна чакырылган адистерге – 600 адамга төлөмдөр, автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) чакырылган операторлоруна – бардыгы 2290 адамга сыйлыктар (алардын саны шайлоочулардын санына негизделүү менен эсептелет).  

Мындан тышкары, ОШК жана УШК мүчөлөрүнө, идентификациялоо операторлоруна, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн чакырылган ИИМ кызматкерлерине (4942 адам) күнү-түнү иштегендиктен, добуш берген жана андан мурунку бир күнгө мыйзам тарабынан күнүнө 500 сомдон төлөп берүү каралган. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>