Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
28 июня 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Шайлоо ушул жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутатттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Курманбек Эгимбаевди Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Мирлан Карагуловду Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында ошондой эле «Хиязов Ибрагим Керимовичти Чүй областынын Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин депутаты кылып каттоо жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
