Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү

11 сентября 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШК мүчөсү  А.Дж. Эшимовдун «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмышка шектүү катары кармалуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:   

Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт, партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө кийлигишкенге БШКнын укугу жок, кийлигишпейт.   

Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет.  

Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайдын БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок.  
БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет.  

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү