БШК: 2013-жылдын 28-июнунда республиканын 5 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
28 июня 2013
Бүгүн 28-июнда республиканын 5 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо:
Талас областынын Манас районундагы Үч-Коргон, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Челпек жана Кереге-Таш, Ысык-Көл районундагы Кумбел, Нарын областынын Нарын районундагы Миң-Булак айылдык аймактарында өткөрүлөт.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
