Башкы Жаңылыктар Партиялар аялдардын шайлоого жана башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча …

Партиялар аялдардын шайлоого жана башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча өлкөдөгү күч-аракеттерди формалуулукка жана куру сөзгө айландырбашы керек

09-Сен, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 9-сентябрда Ош АШКнын кээ бир чечимдерин жокко чыгарды жана анын курамын таркатты.

2021-жылы 9-сентябрда өткөн жыйналышта БШК мүчөлөрү эки саясий партиянын – «Биздин Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 38 аял талапкерди (2021-жылдын 15-июлундагы чечими) жана «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинен 39 талапкерди, анын ичинде 31 аял талапкерди (2021-жылдын 12-августундагы чечими) катталган тизмелерден чыгаруу жѳнүндѳ Ош АШКнын чечимдерин жокко чыгаруу жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн анын курамын таркатуу чечимин бир добуштан кабыл алды.

Мында Жогорку Кеңешке шайлоого бараткан партиялардын тизмелерин түзүү этабында коргоо квоталарын киргизүү жана добуш берүүдөн кийин гендерлик квоталарды коргоо боюнча ченемдерди киргизүү аялдардын шайлоого жана башкарууга катышуусун кеңейтүү боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү болуп саналарына, бул күч-аракеттерди формалуулукка жана куру сөзгө айландырууга партияларга мүмкүнчүлүк берүүгө болбой тургандыгына БШК мүчөлөрү макул болду.

Мурда, 2021-жылы 25-августта КР БШК жыйналышында баардык жагдайларды аныктаганга чейин Ош АШКнын 2021-жылдын 23-августундагы 6 чечимин кароону кийинкиге калтыруу менен “Талапкерлердин катталган тизмелеринен аялдардын жапырт чыгуусу, ошондой эле аял депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечим кабыл алынган.

Ошол эле учурда Ош шаардык кеңешинин 6 депутатынын, анын ичинде 5 аялдын, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды тизме боюнча кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жѳнүндѳ ушул эки саясий партиянын чечимдери түштү.

«Биздин Кыргызстан» жана «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиялары тарабынан каттоо учурунда бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүк тууралуу ченемдер сакталган жана аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы эки позициядан ашкан эмес. Бирок «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы добуш берүү күнүнөн кийин талапкерлердин катталган тизмесиндеги депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин 2021-жылдын 14-июлундагы № 3 чечими менен 38 аял талапкерди чыгарып салган.

Өз кезегинде Ош АШК мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске албастан, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы чечиминин негизинде 38 аял талапкерди аталган саясий партиянын катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө 2021-жылдын 15-июлунда 41/1 чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 9-августтагы №10 чечими менен «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы 39 аял талапкерди саясий партиянын катталган тизмесинен чыгарган, ал эми Ош АШК 2021-жылдын 12-августтагы чечими менен аларды саясий партиянын катталган тизмесинен алып салган, ошол эле учурда бул тууралуу БШКга өз убагында билдирген эмес.

Аял депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда жапырт токтотуусу коомдо резонанс жаратты, бул жарандардын жана КЭУлардын Ош АШКнын жогоруда көрсөтүлгөн чечимдерин жокко чыгаруу талабы менен БШКнын дарегине кайрылууларына себеп болду (2021-жылдын 28-августунан 1сентябрына чейин 18 кайрылуу түштү).

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык “шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш”.

Мында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык: “талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт”.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы “шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, шайлоо комиссияларынын чечимдерин жокко чыгарууга” укуктуу.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат”.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык: “мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда” аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>