Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республиканын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн “ачык эшик күнүн” өткөрөт
17 июня 2013
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Республиканын Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн “ачык эшик күнүн” өткөрөт.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын жана КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча өзгөчө мүмкүндүк түзүлдү.
Студенттерге шайлоо комиссиянын иши тууралуу кеңири маалымдама берилип, суроолорго жооп айтылып, аппарат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырышат.
Аталган иш-чара Өкмөт токтомунун негизинде Кыргызстандагы Мамлекеттик кызматкер күнүнө карата өткөрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
