Башкы Жаңылыктар КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү …

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планы бекитилди

29-Авг, 2021

Кыргыз Республикасынын Президентинин № 370 ПЖ Жарлыгы менен жаңы чакырылыштын депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү, ал эми Министрлер Кабинетине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу-техникалык ж.б. маселелерди чечүүгө көмөктөшүү каралды.

2021-жылы 11-апрелде кабыл алынган КР  Конституциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын сандык курамы өзгөртүлүп – 120дан 90го азайтылды жана шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленери аныкталды.

2021-жылы 28-июлда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы 26-августта күчүнө кирди, аны менен депутаттарды аралаш тутум – мажоритардык-пропорционалдык тутум боюнча шайлоонун жаңы тартиби аныкталды.

Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу үчүн жана мыйзамдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календарлык планын кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:

- шайлоо округдарынын  схемаларын жана чек араларын түзүү жана бекитүү – 2021-жылдын 6-сентябрына чейин;

- округдук шайлоо комиссияларын түзүү – 2021-жылдын 7-сентябрынан тартып;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо комиссияларын түзүү – 2021-жылдын 13-сентябрына чейин;

Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө:

- УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин таанышуу үчүн илүү – 2021-жылдын 19-сентябрына чейин;

- шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2021-жылдын 29-октябрына чейин;

- шайлоочулардын тизмесиндеги ката же так эместик, шайлоочулардын тизмесинде болбогондук (шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө) шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 2021-жылдын 19-сентябрынан тартып  21-октябрына чейин;

- УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү – 2021-жылдын 21-ноябрына чейин;

- – 2021-жылдын 6-сентябрына чейин;

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:

- шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү – 2021-жылдын 3-сентябрдын саат 18:00го чейин;

- КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – 2021-жылдын 14-октябрына чейин;

- талапкерлердин жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан каттоо үчүн тийиштүү документтерди берүүсү – 2021-жылдын 18-октябрына саат 18.00гө  чейин;

- КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – 2021-жылдын 29-октябры;

Шайлоо алдындагы үгүт:

- Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү – 2021-жылдын 29-октябрынан тартып 2021-жылдын 27-ноябрынын саат 08:00нө чейин;

Добуш берүү тартиби:

-добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү – 2021-жылдын 27-ноябры, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;

-добуш берүү –2021-жылдын 28-ноябры, саат 08:00дөн 20:00гө чейин;

- КР ЖКга шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2021-жылдын 18-декабрына чейин.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>