Өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоого карата аймактык шайлоо комиссияларынын милдеттери боюнча БШКнын аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешмеси өттү
18 августа 2021
БШК аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын региондордогу атайын өкүлдөрү менен Координациялык кеңешме өткөрдү. Кеңешме эл аралык өнөктөштөр – ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун көмөктөшүүсү менен өттү.
Кеңешменин катышуучулары 2020-2021-жылдардагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана сабактарын талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо комиссияларынын алдыдагы милдеттери, шайлоочулардын тизмесин түзүү тартибиндеги өзгөртүүлөр, даттануулар жана шайлоодогу бузуулар боюнча шайлоо комиссияларынын иш тартиби, мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жана ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун иш алкагында өз ара аракеттешүү маселелери менен таанышты.
Кеңешменин катышуучулары пикир алмашып, парламенттик шайлоону даярдоонун төмөнкү маселелери боюнча жалпы ыкмаларды аныкташты:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдары, округдук комиссияларды түзүү жана алардын иши;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди кабыл алуу маселелери, бул процессте УШУ жана ОШКлардын ыйгарым укуктарын тактоо;
- шайлоо бюллетендеринин, добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тартибинин оптималдуу форматы – мыйзам ченемдери жана аларды ишке ашыруунун мүмкүн болуучу практикалары;
- бир мандаттуу шайлоо округдар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн преференциялык добуш берүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын саноо боюнча оптималдуу жол-жоболору тандоо;
- шайлоо комиссияларынын шайлоо процессинин субъектилери менен өз ара аракеттешүү маселелери, шайлоону даярдоонун ж.б. маселелери.
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров өзүнүн видеокайрылуусунда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн куттуктап, аларга иштерине ийгилик каалады.
Шайлоону уюштуруу боюнча маанилүү озуйпаны аткарууга ак ниет жана жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн БШК аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн:
Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт:
- 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);
- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү).
Шайлоо округдарын түзүү
1. Бирдиктүү шайлоо округу республиканын бүт аймагында түзүлөт.
2. 36 бир мандаттуу шайлоо округдары төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлөт:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары, 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Учурда бир шайлоо округунун мандаты алдын ала эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочуга барабар.
Округдук шайлоо комиссияларын түзүү
Округдук шайлоо комиссиялары иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт.
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо аралаш тутум боюнча өтөт.
Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмесине 18 жашка толгон, биометрикалык каттоодон өтүшкөн, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
“Жергиликтүү жамааттын мүчөсү – бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда жасалган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат” (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 50-абзацы)
Кыргыз Республикасынын каттоо органынын маалыматы боюнча учурда паспорттогу даректери иш жүзүндө туруктуу жашаган дарегинен (ДМБ – Дарек-маалымдама базасы) айырмаланган жарандар бар.
Жарандардын шайлоо укуктарын толук камсыздоо жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүн арттыруу үчүн шайлоо комиссиялары айрым категориядагы жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоого көңүл буруп, бул боюнча маселелерди күн мурун иштеп чыгууга тийиш.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык айрым категориядагы шайлоочулар (добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда болгон шайлоочулар, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү) жөнүндө маалыматтар аталган мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, добуш берүү үчүн орун-жайлардын жогорку деңгээлде жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасынтүзөт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн орун-жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш жүргүзөт, добуш берүү үчүн орун-жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулугун, пандустун, жардамга чакырууу баскыч жабдыктардын бар-жогун текшерет.
Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана каттоо
Пропорциялык тутум боюнча шайлоодо саясий партиялар документтерди БШКга тапшырат.
Мажоритардык тутум (бир мандаттуу шайлоо округу) боюнча шайлоодо талапкерлер документтердин түп нускаларын БШКга түздөн-түз же болбосо округдук шайлоо комиссиялары аркылуу тапшырат, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү маалыматтарды «Э-талапкерге» киргизет.
Талапкерлер берген маалыматтардын (паспортунун жарактуулугу, билими, соттолгондугу, жарандыгы ж.б.) аныктыгы ведомстволор арлык «Түндүк» тутуму аркылуу текшерилет. Маалыматтар текшерилгенден кийин БШК талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Маалыматтарды «Э-талапкерге» туура киргизүү үчүн округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялар үчүн (онлайн жана офлайн форматтарында) окутуу иш-чаралары өткөрүлөт.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө жана каттоодо шайлоо мыйзамдарынын квоталоо бөлүгүндөгү талаптары сакталууга тийиш: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Маалымдоо жана үгүт
Шайлоо комиссиялары баардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыздайт.
Округдук шайлоо комиссиялары (ОШК) талапкерлер, саясий партиялар үчүн коомдук аянтчаларды бөлүү маселелерин биргелешип чечишет, алардын округдарда шайлоочулар менен чогуу жолугушууларын уюштурат. Бул үчүн ОШК талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушууларынын (4-5-жолугушуу) графиктерин түзүүлөрү керек, бул шайлоочуларга талапкерлердин программалары менен таанышып, суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Шайлоочуларга маалымдоо максатында округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте маалыматтык материалдарды жайгаштыруу үчүн орунду аныкташат. Ошондой эле талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө маалыматтар БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.
Добуш берүү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу тартиби
Бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын эки тизмеси түзүлөт – добуш берүүгө катышкан шайлоочулар өз-өзүнчө эсепке алынат.
Иденттештирүүдөн өткөндөн кийин шайлоочу бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өз-өзүнчө чектерди алат. Добуш берүү үчүн өз-өзүнчө бюллетендер даярдалат: бир мандаттуу шайлоо округдары үчүн талапкерлердин ФАА, туулган жылдары көрсөтүлүү менен, ал эми бирдиктүү округ үчүн – саясий партиялардын аталыштары жана саясий партиялардан талапкерлердин ирет номурлары көрсөтүлүп, бош квадраттар менен. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочу шайлоо бюллетенине талапкерге же “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочу партияга тийиштүү бир квадратка белги коёт, башка бөлүгүндө конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги коёт. Эгерде шайлоочу бир дагы партияны тандабаса, “баарына каршы” позициясына тийиштүү квадратка белги коёт. Эгерде шайлоочу партия үчүн квадратка белги коюп, конкреттүү талапкердин ирет номуру үчүн белги койбосо, же болбосо чыгып калган талапкердин квадратына белги койсо, шайлоочунун добушу ал партиянын пайдасына эсептелет. Эгерде шайлоочу талапкер үчүн белги коюп, партия үчүн белги койбосо, анда мыйдай бюллетень бирдиктүү шайлоо округу боюнча жараксыз деп таанылат.
МШТ добуштарды автоматтык түрдө эсептөө жана АЭУлардан маалыматтарды б.а. добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын алуу үчүн пайдаланылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары белгилөө кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда шайлоочулардын добуштарын саноо адегенде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жүргүзүлөт, андан кийин бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар жана алардын талапкерлери үчүн жүргүзүлөт. Мында округдук шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктарын тиешелүү округ боюнча чыгарат, ал эми БШК шайлоо натыйжаларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарынын алкагында чыгарат.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын б.а. жөнөкөй көпчүлүк добуш алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таанылат. БШК бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын 5 жана андан ашык пайыз добушун алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептейт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү











