КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти

15 июля 2011

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти.

Ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Эркебаевди жана талапкер Барктабас Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Канымбүбү Бейшееваны жана Ильичбек Султанкуловду каттады.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы