Башкы Жаңылыктар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

27-Июл, 2021

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-майындагы Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 11-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо болуп ѳттү.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 18 саясий партиядан талапкерлердин тизмеси катталган.

Бишкек шаарында шайлоочулардын корутунду тизмесинде 426 699 шайлоочу катталган, добуш берүүгѳ 104141 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 24,41% түзѳт. Бишкек шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Бишкек шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 228 шайлоо участкалары түзүлгѳн.

Мурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бишкек АШК) 2021-жылдын 14-июлундагы чечими менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 1141 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган. 227 (228тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ 2021-жылдын 18-июлундагы протоколдордун негизинде кайра шайлоо болуп ѳттү деп таанылды жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары белгиленди.

Кайра шайлоодо 7% босогодон ѳтүү менен, катталган 18 пратиядан 6 саясий партия Бишкек шаардык кеңешине ѳтүп, мандаттарды тѳмѳнкүдѳй бѳлүштүрүштү:

 

- «Эмгек» - 18,25% (11 мандат);

- «Ата-Журт Кыргызстан» - 14,26% (9 мандат);

- «Ишеним» - 12,56% (8 мандат);

- «Ынтымак» - 10,82% (7 мандат);

- «Өнүгүү-Прогресс» - 8,16% (5 мандат);

- «Социал-демократтар» - 8,09% (5 мандат).

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учулар тууралуу 77 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн.

Келип түшкѳн бардык билдирүү, арыз жана даттануулар боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү чаралар кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы ѳзүнүн жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ 2021-жылдын 18-июлундагы Бишкек АШКнын протоколун бекитти.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>