КР БШК Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындады

28 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн 2021-жылдын 28-июлундагы жыйынында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоону дайындады.

Нарын облусудагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын –акиминин 2021-жылдын 22-июндагы №02-10/1242 тескемеси менен Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Медербеков Тынчтык Муратбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган, ушуга байланыштуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 16-авгусутуна саат 9-00дѳн 12-00гѳ чейин дайындалган.

Токтом “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” жобого ылайык кабыл алынган.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Респрубликасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык- эпидемиологиялык эрежени сактоо менен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын башчысын кайра шайлоону ѳткѳрүүнү уюштуруу тапшырылган.

КР БШК маалымат бѳлүмү