Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдор бекитилди

28 июля 2021

2021-жылдын 28-июлунда КР БШК Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколдорду карады жана бекитти.

Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчсынын кызмат ордуна Орок айылдык кеңешинин депутаттары кѳрсѳтүшкѳн 3 талапкер – Сыдыгалиев Муслим Усенбекович, ЧодуевУрмат Асылбекович жана Эшеналиев Азат Буларович катталган. Долбуш берүүгѳ Орок айылдык кеңешинин 21 депутатынын 20 депутаты катышкан, Сыдыгалиев М.У. -1 добуш, Чодуев У.А. - 15 добуш, Эшеналиев А.Б.-3 добуш, “талапкерлердин баарына каршы” позициясы боюнча - 1 добуш алышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Чодуев Урмат Асылбекович Орок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланган.

КР БШК маалымат бѳлүмү