КР БШКнын 2021-жылдын 28-июлунда өтүүчу жыйналышынын күн тартибинин долбоору

28 июля 2021

Өткөрүү датасы: 28-июль 2021-ж.

Убактысы: 19:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2021-жылдын 22 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө  протоколдорду  бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

         (баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

3.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Кара-Көл, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Кемин жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

5. 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо катышкан саясий партиялардын натыйжалары жараксыз деп табылган шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү тууралуу,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы жөнүндө

(баяндамачы – Гайыпкулов И.Т., Кыргыз Республикасынын БШК мүчөсү, Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси)

 

6. Ар кандай маселелер