Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

03-Июн, 2013

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) «Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» 2011-жылдын 25-июлундагы № 49 жана № 50 токтомдору менен 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын (буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кирбейт) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү  2013-жылдын 25-июлунда аяктайт.

Мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. аймактык шайлоо комиссиясынын резервин БШК 5 жылдык мөөнөткө түзөт.

Азыркы учурда көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн зарыл болгон саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын зарыл сандагы өкүлдөрү жок.

Буга байланыштуу БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу, ал  адамдар менен так, калыс жана ак ниеттүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле алардын шайлоо комиссияларындагы ишке даярдыгынын даражасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин орто  кесиптик же жогорку кесиптик билими болууга жана, эреже катары, тиешелүү  калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алышы керек.

аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жерин көрсөтүлгөн жана алардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын тизмесин тиркелүүгө тийиш.

Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиянын (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн документке төмөнкүлөр тиркелет:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкерлердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган, билим алган жерин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жекече баракча же резюме);

-байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери..

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин кабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга юерилет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин БШКда кабыл алынат.

аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү шарттары тууралуу “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболордон билүүгө болот, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясысынын www.shailoo.gov.kgрасмий сайтында жайгаштырылган.

Маалымат алуу телефону: 620829

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>