КР БШКнын 2021-жылдын 21-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

21 июля 2021

                                                                                              Өткөрүү датасы:21-июль2021-ж.

                                                                                                                              Убактысы:14:00

                                                                                                                              Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2021-жылдын 13-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

2. 2021-жылдын 14 - июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө  протоколдорду  бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

3.2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван  районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

4.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас шаардык, Лейлек, Түп жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

 

5. Ар кандай маселелер