БШК Токмок шаарындагы шайлоо участокторунда добуштарды кайра саноо жөнүндө Токмок АШКнын  чечимдерин жокко чыгарды

19 июля 2021

2021-жылы 17-июлда Борбордук шайлоо комиссиясына «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынан негизсиздигине байланыштуу Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө Токмок АШК чечимдерин жокко чыгаруу талабы коюлган даттануу түштү.

Шайлоо участокторунда добуштарды кол менен саноо жүргүзүлгөн эмес деген  «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын арыздарынын негизинде 2021-жылдын 16-июлунда Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө жогорку чечимди  кабыл алган.

«Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партиялары мындай чечимге макул эмес, алар Токмок АШК чечими негизсиз чыгарылган, арыз ээлери – «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиялары кайра саноо жөнүндө талаптарынын негиздерин жана далилдерин келтирген эмес деп эсептешет.

Токмок АШК чечим чыгарууда жыйналышына баардык кызыкдар тараптарды чакырган эмес, участоктордо добуштардын жыйынтыгын саноону жүргүзгөн Токмок шаарындагы участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, добуш берүү күнү шайлоо участокторунда байкоо жүргүзгөн саясий партиялардын байкоочуларынын, коомдук байкоочулардын маалыматтарн уккан эмес, ошондой эле добуштарды кол менен саноо жүргүзүүнү далилдөчү сүрөт жана көрмө материалдар изилденген эмес. Ошондой эле алар АШКнын  аталган чечими арыз ээлери – «Эмгек» менен «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партияларынын кызыкчылыгына чыгарылган деп эсептешет.

2021-жылы 18-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча жумушчу тобу «Эл биримдиги», «Бирге-Вместе», «Патриот Ынтымагы» саясий партияларынын даттанууларын кароо боюнча Токмок шаарында көчмө жыйналыш өткөрдү. Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жана байкоочулардын маалыматтары угулду, алар баардык 20 шайлоо участогунда шайлоочулардын добуштарын кол менен саноо өткөрүлгөнүн ырасташты.

Жумушчу топ шайлоо процессинин баардык катышуучуларынын маалыматтарын угуп, Токмок АШК Токмок шаарындагы баардык участоктордо добуштарды кайра саноо жөнүндө негизсиз чечим кабыл алган деген тыянакка келди жана ал чечимди жокко чыгаруу жөнүндө сунуштама чыгарды.

БШК Жумушчу топтун чечимин колдоп, Токмок АШКнын Токмок шаарындагы баардык УШКларда добуштарды кайра саноо жөнүндө чечимин жокко чыгарды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү