Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

13-Июл, 2021

КР БШК 2021-жылы 13-июлда Жайыл, Кемин, Бакай-Ата, Аксы, Кара-Кулжа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Рыспеков Ильяс Асылбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РСЧБ кызматкери Жеңишбеков Тилек Жеңишбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айылдык кеңешинин депутаты Жетенбаев Кайрат Рахымбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан Асанкулов Тамерлан Аманкуловичке өткөрүп берилди.

Айыл башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак айылдык кеңешинин депутаты Жумакеева Айгүл Зарылыковнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат бала бакча кызматкери Мадярбекова Мира Ажибековнага өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Камчыбек уулу Шекербектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РЭС чебери Сатыбалдиев Аман Жакыпбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Анарбеков Муратбек Анарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ашырбаев Шакирбек Ашырбековичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин депутаты Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Турганбаев Нурлан Токтосуновичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинин депутаты Арзи уулу Азизбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ибраимов Дастанбек Абдыгуловичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Нурбек Жапашовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат АРИСтин адиси Тоотаев Байымбет Абдимиталиповичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айылдык кеңешинин депутаты Амирбеков Алмазбек Амирбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Тургунбай уулу Улукбекке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылдык кеңешинин депутаты Джеенбаев Улукбек Рахматиллаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ГУ «Кадастр» МИнин Өзгөндөгү филиалынын адиси Абдраимов Кубаталы Маматжановичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылдык кеңешинин депутаты Курманбеков Сейтектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Адишов Зулумбек Абдыгуловичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылдык кеңешинин депутаты Каратаев Базарали Тагаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Өзгөн РЭСтин контролеру Күрөңов Алтынбек Жунусовичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Чангет айылдык кеңешинин депутаты Задабаев Кубатбек Манапбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Зулпукаров Замирбек Абдыжапаровичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Мусурманкулов Абдраким Ходжамовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозбаев Маматякуп Эрчибаевичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айылдык кеңешинин депутаты Жолоев Аватбек Идирисовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат микрокредиттик компаниясынын директору Исраилов Мирлан Камытжановичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмоновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын жетекчиси Аканов Кудайбердиге өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты Батаев Дүйшөбек Мамасаитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат РСЧБ гидротехниги Бобеков Асылбек Матураимовичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Зулпукаров Тумарбек Раимжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Эшбаев Назарали Коргонбаевичке өткөрүп берилди.

КР БШК 2021-жылы 13-июлдагы жыйналышында Ашым уулу Ноорузбекти (Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңеши) талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитти.

Токтом «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>