Бишкекте КР ЖК депутаттарын шайлоо тартиби жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты

12 июля 2021

Бүгүн – 12-июлда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун аралаш тутумун киргизүү сунушталган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угуу өттү.

Коомдук угуу “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында уюштурулду.

Конституциялык Мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 11-аперелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу үчүн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболору, анын ичинде депутаттардын сандык курамы жаатындагы ченеми эске алынды.

2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы ПБ № 33 буйругуна ылайык түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилгенин белгилей кетүү керек.

Аралаш шайлоо тутумун караган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.

КР БШК төрагасы КР Н.Шайлдабекова мыйзам долбоорун иштеп чыгууда конкреттүү депутатты саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси

аркылуу түздөн-түз шайлоо боюнча коомдун суроо-талабы эске алынганын маалымдады.

Мында эки тутум – ачык тизмелер менен пропорциялык тутумдун дагы жана аралаш тутумдун дагы ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экендигин белгилөө зарыл. Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялар гана эмес, жарандар дагы көрсөтүү субъектиси болуп саналган тартипти өзгөртүүгө байланыштуу коомдун суроо-талабын канааттандыруу зарылдыгы бар.

Сунушталган тутум шайлоонун комплекстүүлүгү аркылуу Жогорку Кеңеште региондордун өкүлчүлүгүн, коомдун социалдык өкүлчүлүгүн мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде камсыздоого өбөлгө түзөт: жаран өзүн өзү көрсөтүү жолу менен өз талапкерлигин көрсөтө алат, бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча шайлануу аркылуу региондордун өкүлчүлүгү камсыздалат, шайлоочунун депутаттар менен байланышы камсыздалат, партиялык тизмелер боюнча – квоталоо аркылуу башка социалдык топтордун өкүлчүлүгү камсыздалат. Мисалы, партиялык тизмелерде бир жыныстагы адамдардын 70%дан кем эмес өкүлчүлүгү болгон, эми талапкерлердин тизмесинде ар бир үчүнчү адам башка жыныстагы адам болушу сунушталууда.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А.Усупбекова шайлоо процессинин мындан аркы туруктуулугу үчүн бул мыйзам долбоору боюнча коомдук угуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Маселе абдан актуалдуу жана маанилүү. Эгерде бул этапта талкууга коомчулук катышпаса, кабыл алынган мыйзам долбоору кийинчерээк коомдо, айрыкча шайлоо процессинин катышуучуларынын арасында маселе, суроолор болот. Бул демилге Президенттин сайтына жайгаштырылды, толук пакети Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү, ал жакынкы күндөрү парламентте талкууланат”.

Коомдук угууда конституциялык Мыйзамдын долбоору тааныштырылды.

Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат:

35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат. Көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

 

55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорциялык тутум боюнча (партиялык тизмелер) шайланат. Көрсөтүү укугу тизмеси 55 талапкерден ашпаган саясий партияларга таандык.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп санын алган талапкер ал округ боюнча шайланган депутат деп таанылат.

Көрсөтүлгөн талапкерлер бир мандаттуу жана бирдиктүү округдарда бир учурда көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.

Пропорциялык тутум боюнча шайлануучу депутаттар 3 пайыздык босогодон өткөн саясий партия тарабынан аныкталат. Мында региондук босого 0,7 пайыздан 0,3 пайызга төмөндөтүлүүдө.

Тизмени түзүүдө аялдар, этностук азчылыктын өкүлдөрү, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн квоталар сакталууда.

Пропорциялык тутум боюнча шайлоочулардын тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн жана жигердүү шайлоо укугуна ээ жарандар киргизилет. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын тизмесине жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон, биометрикалык каттоодон өткөн жана бир мандаттуу шайлоо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагынын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган шайлоочулар киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы добуш берүү күнүнө чейин 3 ай калгандан кем эмес мөөнөттө жасалган белги менен аныкталат.

Мыйзам долбоору талапкерлердин статусу, талапкерлерди каттоо, үгүт жүргүзүү, шайлоо күрөөсүн кайтаруу, добуш берүүнүн жыйынтыгы, каржылык ачык-айкындуулук алкагындагы маселелер боюнча шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү камтыйт.

КР ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоору керек деп эсептейт, ал мезгилдин жана республика жарандарынын талабы болуп саналат, бирок бир мандаттуу шайлоо округдары кандай түзүлөөрү так аныкталууга тийиш.

КР ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева колдонуудагы квоталарды мүмкүн болушунча сактап калуу зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди.

“Бул мыйзам долбоору абдан маанилүү, ал шайлоо тутумун өнүктүрүшү керек, өлкөнүн өнүгүүсү ага жараша болот. Аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктын өкүлдөрүнүн, жаштар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өкүлчүлүгүнүн ченемдерин сакталууга тийиш. Бир саясий партиянын өкүлчүлүгүнүн тобокелдигине жол бербөө керек, муну мыйзам долбоорунда эске алуу зарыл. Бир мандаттуу округдар боюнча депутат чыгып калганда жаңы шайлоо дайындаган учурда өлкө бир мандаттуу округдар боюнча аягына чыкпаган шайлоо өткөрө берүү коркунучуна дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан бош мандат жеңген талапкерден кийинки талапкерге өткөрүлөт деген ченем киргизсе болот”.

КР ЖК депутаты Гульшат Асылбаева жаңы мыйзам долбоору гендерлик теңчилик өңүтүндөгү айрым проблемалуу учурлардан арылтат деп эсептейт.

“70 пайыздык квотаны калтырганда аялдарды, жаштарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды биз парламентте көрө албай калабыз. Тизмедеги ар бир үчүнчү адамды киргизүү менен проблеманы чечүугө аракет кылдык. Чыгып калган ар бир депутат боюнча кошумча шайлоо өткөрүү жөнүндө ченемди кайра кароо керек, бул бюджетке күч келтирет”.

Эркаим Мамбеталиева жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанды саясий жактан мындан ары өнүктүрүүнүн багытын аныктаарын белгилеп, администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү жаатында коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү сунуштады.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү