Сот «Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан талапкерге Токмок шаарында шайлоого катышуусунан баш тартты

10 июля 2021

«Асыл Мурас-Жаштар» саясий партиясынан талапкер Рустам Юнусов анын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө БШК чечимин сотко даттанды. Бишкек шаарынын Административдик соту анын доосун канааттандыруудан баш тартып, БШК чечимин күчүндө калтырды. Р. Юнусов Токмоктогу жапырт каттоо манипуляциясына тиешеси бар экендигине байланыштуу кайталап шайлоого катышуусуна жол берилген эмес. Мурда – 2021-жылдын 11-апрелиндеги шайлоодо Юнусов Рустам «Эмгек» саясий партиясынан талапкер болгондугун эске салабыз.

Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими менен мында кененирээк таанышса болот.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү