Башкы Жаңылыктар Саат 12.00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында …

Саат 12.00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү

10-Июл, 2021

2021-жылы 10-июлда саат 12.00гө карата Бишкек шаары боюнча 124 шайлоо участогу жайдан тышкары добуш берүүнү аяктады, 1 467 шайлоочу добуш берди. 228 шайлоо участогунан 183үндө шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.

Саат 12.00гө карата Ош шаары боюнча шайлоо участокторунан тышкары жайларда 1168 шайлоочунун 822 шайлоочусу добуш берди. 78 шайлоо участогунан 65инде шайлоо участокторунан тышкары жайларда добуш берүү жөнүндө арыздар берилген.

Саат 12.00гө карата Токмок шаары боюнча жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздар берилген 20 шайлоо участогунда 222 шайлоочунун 65 шайлоочусу добуш берди. 20 УШКдан 8 УШКда жайдан тышкары добуш берүү аяктады.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

    

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
23-Сен, 2026

КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Кымбаттуу мекендештер!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!Кыргыз тилине берилген статус 37 жыл мурда тарыхый чечим болуп, улуттук кайра жаралууга, эгемендүүлүгүбүзгө бекем пайдубал түптөп, коомдун руханий жаңылануусуна жол ачкан.Эгемен мамлекетибиз менен тарыхтын күүсүндө үзөңгүлөш жүргөн кыргыз тили кылымдар кыйырында машакаттуу, ары байсалдуу жолду басып өтүп, коомдук-саясий турмушубузда татыктуу ордун тапты. Чалкыган “Манасты”, ааламдык адабияттын көркү болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жараткан эне тилибиз бүгүн мамлекетибиздин башкы символу катары эл аралык бийик трибуналарда сыймык менен жаңырып турат.Эне тилибиз эгемен мамлекетибиздин түбөлүктүү энчиси болуп, муундан-муунга даңазалана берсин!Майрамыңыздар менен!  Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22-Сен, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залыӨткөрүү убактысы:  Саат 10:30         1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кара-Суу, Токтогул, Токмок, Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө          Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетинаткаруучу             2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу     4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө              Баяндамачы: Амангелди кызы Мунара -көзөмөлдөө-текшерүү жана аудиттик иш секторунун башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы     6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы        8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                        Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы  
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
22-Сен, 2026

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму өттү. Жумушчу топту КР БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жетектейт, курамына КР БШКнын мүчөлөрү - облустар боюнча кураторлор кирет.Отурумда талапкерлер тарабынан берилген документтер каралып, алардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсү талкууланды.Жумушчу топтун ишмердүүлүгү аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиешелүү талаптарга жооп берген, даярдыгы жана кесиптик сапаттары бар талапкерлер менен толуктоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>