Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн бекитти

14 июля 2011

Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук щайлоо комиссиясынын бүгүн 14-июлда өткөн кезектеги жыйынында КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн 499 млн. 438 600 сом өлчөмүндө бекитишти.

         Ошондой  БШКнын кечээки өткөн жыйынында негиз катары кабыл алынган КР БШКнын Атайын өкүлү туурасындагы ЖОБО бекитилди. БШКнын мүчөлөрү курамына КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери кирген шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү боюнча кабардар кылуу маселелери боюнча Жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун учурунда үгүт иштеринин тартибин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун  түзүлүшү жөнүндөгү токтомду кабыл алышты.

         Мындан тышкары КР БШКнын КР Президенттик кызматына талапкерлердин атайын эсептери үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндөгү токтому кабыл алынды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн КР Президенттик кызматына талапкер К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү – Аида Төлөгөнованы жана Самат Бөрүбаевди каттады. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы