КР БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, анда Төрага жана анын орун басарлары шайланды

02 июля 2021

2021-жылы 2-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү  боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Дубанбаева Анар Сартбаевна ачты.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү  боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык биринчи жыйналышта Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо маселеси чечилет.

БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Шайлдабекова Нуржан Кармабековна 11 добуш менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү  боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы болуп шайланды.

Шайназаров Тынчтык Ураимович менен Койчукеев Нурлан Чокоевич Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү  боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү