БШК эске салат: 1-июль – жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алуучу акыркы күн

01 июля 2021

Урматтуу шайлоочулар!

Шайлоочулардын тизмеси паспортто (2004-жылдын үлгүсүндөгү AN сериясы), паспорттун чибинде (2017-жылдын үлгүсүндөгү e-ID сериясы) көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгисине ылайык түзүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча бүгүнкүгө карата 300 000ден ашык шайлоочунун туруктуу жашаган жеринин каттоо дареги шайлоочунун паспортунда көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгисинен айырмаланат.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында жүргөн шайлоочуларды жана мурда чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган шайлоочуларды төмөнкү жол менен өз УШКсын тактап, өздөрүнүн маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен актуалдаштырууну өтүнөт:

  • шайлоочулардын Тизме” – https://tizme.gov.kg/ мамлекеттик порталынан;
  • 1255 жана 119 номурларына чалып;
  • же паспортто көрсөтүлгөн өз ПИН-номурун көрсөтүп, 119 номуруна СМС жөнөтүү (чалуу жана  СМС акысыз) менен, мында Сиз өз шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Туруктуу жашаган жеринин каттоо дареги менен паспортто көрсөтүлгөн туруктуу жашаган жеринин дарегин каттоо белгиси дал келбеген учурда шайлоочунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын КТБ каттоону эсепке алуу органдарына кайрылууну өтүнөбүз.

Эгерде шайлоочу чет өлкөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө консулдук каттоодо турган болсо, бирок азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында турса жана өз маалыматтарын чет өлкөдөгү участоктогу тизмеден тапса, консулдук каттоодон чыгуу, каттоону актуалдаштыруу жана туруктуу жашаган жеринин каттоосу боюнча паспорттогу белгисине ылайык шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу каттоону эсепке алуу органдарына (Калкты тейлөө борбору, Калкты жана жарандык абалды каттоо департаменти) кайрылуусу зарыл.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү