Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун …

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди

28-Июн, 2021

Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш
берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу

протоколдор бекитилди

2021-жылы 28-июнда КР БШК Ош облусунун Кара-Кулжа районунун
Кашка-Жол жана Кара-Кочкор, Кара-Суу районунун Катта-Талдык, Нариман,
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр, Нарын облусунун Кочкор
районунун Ак-Кыя, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз, Ат-Башы районунун
Ак-Жар айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы
жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорун бекитти.
Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Турдуев Сагынбек
Бокоевич, Эрмекбаев Пазилидин Алимович, Жаныбеков Адилет
Жаныбекович катталган. Добуш берүүгө Кашка-Жол айылдык кеңешинин 21
депутаты катышты, Турдуев С.Б. 5 добуш, Эрмекбаев П.А. – 4 добуш,
Жаныбеков А.Ж. – 11 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы”
позициясы үчүн 1 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча
Жаныбеков Адилет Жаныбекович Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы
болуп шайланды.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Амиракулов Умотбек
Орозбаевич, Темирбаев Ысак Бакыевич, Аттокуров Жанышбек
Камчыбекович катталган. Добуш берүүгө Кара-Кочкор айылдык кеңешинин
21 депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, добуш берүүнүн 1-турунда
Амиракунов У.О. 8 добуш, Темирбаев Ы.Б. – 8 добуш, Аттокуров Ж.К. – 4
добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1 добуш
берилди. 2-турда Амиракунов У.О. 10 добуш, Темирбаев Ы.Б. – 11 добуш,
Аттокуров Ж.К. – 4 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы
үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Темирбаев
Ысак Бакыевич Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Жантороев Канторо,
Толубаева Ширин Ражаповна, Кенжетаев Анарбек Алтыбаевич катталган.
Добуш берүүгө Катта-Талдык айылдык кеңешинин 21 депутаты катышты,

Жантороев К. 12 добуш, Толубаева Ш. Р. – 9 добуш, Кенжетаев А.А. – 0
добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш
берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жантороев Канторо Катта-
Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Мамажунусов Чингиз
Бекмаматович, Ормонов Бакытбек Исраилович, Хосилов Нодир Носирович
катталган. Добуш берүүгө Нариман айылдык кеңешинин 31 депутаты
катышты, Мамажунусов Ч.Б. 11 добуш, Ормонов Б.И. – 0 добуш, Хосилов
Н.Н. – 19 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 1
добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Хосилов Нодир
Носирович Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Калчаев Мелисбек
Жайлобекович, Ногойбаев Мунарбек Дайырович, Рысбай уулу Тойчубек
катталган. Добуш берүүгө Көл-Төр айылдык кеңешинин 11 депутатынын 10
депутаты катышты, шайлоо 2 тур менен өттү, добуш берүүнүн 1-турунда
Калчаев М. Ж. 5 добуш, Ногойбаев М.Д. – 0 добуш, Рысбай у. Т. – 5 добуш
алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. 2-
турда Калчаев М. Ж. 0 добуш, Рысбай у. Т. – 10 добуш алды, “баардык
талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн
жыйынтыгы боюнча Рысбай уулу Тойчубек Көл-Төр айыл өкмөтүнүн
башчысы болуп шайланды.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Батталов Ырысбек
Сапарбекович, Осмоналиев Таалайбек Муктасынович катталган. Добуш
берүүгө Ак-Кыя айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышты,
Батталов Ы.С. 20 добуш, Осмоналиев Т.М. – 1 добуш алды, “баардык
талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн
жыйынтыгы боюнча Батталов Ырысбек Сапарбекович Ак-Кыя айыл
өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 1 талапкер – Медербеков Тынчтык
Муратбекович катталган. Добуш берүүгө Кызыл-Жылдыз айылдык
кеңешинин баардык 11 депутаты катышты, Медербеков Т.М. 8 добуш алды,
“баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 3 добуш берилди. Добуш

берүүнүн жыйынтыгы боюнча Медербеков Тынчтык Муратбекович Кызыл-
Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна айылдык
кеңештин депутаттарынан көрсөтүлгөн 3 талапкер – Качкынбаев Кенжебек
Тентимишович, Майрамбеков Нурбек Майрамбекович, Табылды кызы
Айжамал катталган. Добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешинин баардык 11
депутаты катышты, Качкынбаев К.Т. 6 добуш, Майрамбеков Н.М. – 2 добуш,
Табылды кызы А. – 3 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы”
позициясы үчүн 0 добуш берилди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча
Качкынбаев Кенжебек Тентимишович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы
болуп шайланды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>